Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Милиция Камчы Көлбаев  алдамчылык боюнча кайсы ишке күбө болгонун ачыктаган жок

«Мыйзамдагы ууруну» кайсы иш боюнча суракка алынганы тергөөнүн купуя сыры деген жүйө менен айтылбай жатат

Чүй облусунун БИИБда криминалдык төбөл Камчы Көлбаев суракка алынган кылмыш иши боюнча маалымат айтуудан баш тартышты.

Мекеменин басма сөз кызматы Vesti.kg сайтына милицияга ким жана качан алдамчылык фактысы боюнча милицияга кайрылганы тергөө кызыкчылыктарында коомчулукка таралбашы керектигин билдирди.

- Бул тергөөнүн купуя сыры. Маалымат кийинчерээк, сотко чейинки иликтөө иши аяктагандан кийин берилет, - дешти облустук БИИБда.

Белгилей кетсек, ички иштер органдары эрежеге ылайык, жасалган кылмыш иштери боюнча маалыматты сотко чейинки иликтөө иштери аяктагыча эле үзгүлтүксүз пресс-релиздерди жөнөтүп турушат. Бирок, «мыйзамдагы ууру» Камчы Көлбаевдин аты байланышкан бул иште милиция тергөөнүн купуя сырына шылтап, бардык жагдайларды жашырып жатат.

Эске салсак, буга чейин Жайыл районун ИИБдө азыркы маалда ББРде КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 204-беренеси боюнча сотко чейинки өндүрүш иши жүрүп жатканы кабарланган.

Кримтөбөл Камчы Кольбаев бул иш боюнча күбө катары суракка алынган.

Фото www

 

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх