Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Депутат Строкова: Эгерде мугалимдер күнүнө 6 миң сом тапса, мен анда өкмөттөн кетем

 Социалдык министрдин мурдагы орун басары Лунара Мамытова мугалимдер күнүнө бир нече миң сом табат деген кезектеги «кызыктуу» билдирүүсү менен айырмаланды

Эгерде Кыргызстанда башталгыч класстардын мугалимдери күнүнө 6 миң сомдон чын эле табышканда, анда мектепте иштейм дегендердин арты суумак эмес. Мындай оюн Vesti.kg сайтына депутат Евгения Строкова билдирди.

Тактай кетсек, эмгек жана социалдык өнүгүү министринин мурдагы орун басары Лунара Мамытова социалдык тармакта башталгыч класстын мугалими күнүнө 6 миң сомго чейин табышы мүмкүн деп жазган.

«Мага 2 классы бар башталгыч мектептин бир мугалиминин кирешесин санап беришти. Күнүгө «продленка» өткөрөт экен - бир окуучудан 300 сом, орточо эсеп менен 20 окуучуга көбөйтсөк, күнүнө 6 миң сом чыгып атат.. Бул бир айлык жашоо минимунан да көп болуп жатпайбы!, - деп жазган ал.

- Эгерде мугалимдердин кирешеси ушундай болсо, анда мен депутаттыктан кетип, мектептеги жумушума кайтып барам, - деп тамашалады Евгения Григорьевна. - Лунара Мамытова менин мурдагы кесиптешим, таарынткым келген жок. Мүмкүн ал мектепке барып башталгыч класстын мугалими болуп иштеп көрбөйбү? Ал чынында өтө таң калычтуу нерселерди айтып жатат. Алар чынында канча акча табаарын өз көзү менен көрүп, иштеп көрсүн да, ошондой айлыкка жашай алаар бекен байкайлы.

Строкова мугалимдер узартылган окуу күн группасын алып барган күндө да, бардык каражаттар алардын чөнтөгүнө кетпесин, көпчүлүк бөлүгү атайын эсепте калаарын белгиледи.

- Көптөгөн ата-энелер өздөрү жумуштан бошобой, үй тапшырманы жасоого убакыттары жок болгондугунан балдарды сабактардын аягында алып калып окутууну суранышат, - деди ал. Мен мугалим айына 20 миң сомго чейин табаарына ишенем, бирок, Лунара айткан сумма эми такыр эле жомоктой. Биз мурда продленкага өзүнчө тарбиячыны жалдачубуз, анткени бул кошумча түйшүк да. Мамытованын сөздөрү мугалимдерди нааразы кылышы мүмкүн.

Эске салсак, буга чейин эмгек жана социалдык министринин орун басары кызматын ээлеп турган кезинде «жарандар ушакты токтотуп, чет өлкөгө саякаттоого акча чогултса болмок» деген билдирүүсү менен катуу сынга кабылган эле:
«Франция, Германия, Бельгия, Америка, Түркия, Египет жана башка көптөгөн мен барган мамлекеттер,- деген ал. Министрликтеги кызматыма чейин эле, өзүмдүн каражатым менен. Ички потенциалың ушундай жол менен гана өнүгөт, кара күнгө деп катып койгон акчаны чыгар. Шылтоо издегенди, ушак айтканды токтот. Эртең мына бүгүн башталат. Бүгүнкү күн менен бактылуу жашаш керек».

Вероника Малышева
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх