Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кой-Таштагы окуялар боюнча Мамлекеттик комиссия Равшан Жээнбеков менен Курсан Асановдун маалыматын укту 

Депутат Асель Кодуранова жеке себептерине байланыштуу жолугушууга катыша алган жок

7-8-августта Кой-Таш айылында түзүлгөн кырдаалды изилдөө боюнча Мамлекеттик комиссиянын мүчөлөрү - Жогорку Кеңештин депутаттары Алмазбек Баатырбеков, Жаныбек Бакчиев, коомдук ишмерлер Исмаил Исаков, Алишер Мамасалиев, Артур Медетбеков, өкмөттүн коргонуу, укук коргоо жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн жетекчиси Азамат Араев коомдук ишмер Равшан Жээнбеков менен ички иштер министринун мурдагы орун басары Курсан Асановдун маалыматтарын угуп чыгышты.

Жыйындын жүрүшүндө алар 7-8-августта Кой-Ташта окуялар кандайча өнүккөндүгү, өздөрүнүн түздөн-түз катышуусу тууралуу айтып беришип, ошондой эле Мамлекеттик комиссиянын мүчөлөрүнүн суроолоруна жооп беришти.

Маалыматка ылайык, жыйынга депутат Асель Кодуранова да чакырылган, бирок, ал жеке себептерге байланыштуу катыша албай калган.

Белгилей кетсек, премьер-министрдин буйругу менен Кой-Таш айылындагы кырдаалды иликтөө боюнча Мамлекеттик комиссиянын курамына эки жаңы мүчө: коомдук ишмерлер Клара Сооронкулова жана Жаркынбек Касымбеков кошулган.



Өкмөт аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү

фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх