Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

 Жоомарт Оторбаев Кулматов менен Ибрагимовдун иштери боюнча суракка алынды

 Мурдагы премьер күбө катары көрсөтмө берди

Мурдагы премьер-министр Жоомарт Оторбаев Бишкектин Ленин райондук сотунда борбор калаанын мурдагы мэрлери Кубанычбек Кулматов жана Албек Ибраимовдун кылмыш иштери боюнча сурак берди.

Оторбаев «Калыс-Ордо» конушундагы мектептин курулушу боюнча күбө катары чакырылган.

Оторбаев премьер болгонго чейин мектеп куруу иштерине аралашпаганын айткан.

«Ага чейин кандай чечимдер чыгарылчу экенин билбейм, - деген ал. - А мен кол койгон өкмөттүн буйругунда мектептин долбоору эксперименталдык болоору жазылган. Мен өкмөттү башкарып турган кезде, бош каражаттын бардыгын мектептердин курулушуна салганга аракет кылчумун».


Эске салсак, мурдагы шаар башчылары Кубанычбек Кулматов менен Албек Ибраимов коррупцияга, тагыраагы Бишкектин конуштарынын бириндеги мектепти салууда курулуш материалдарынын наркын жана иштин көлөмүн негизсиз көбөйтүп салышкан деп айыпталышууда.

Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх