Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

«Мага эч ким чалып да койгон жок». Асел Кодуранова Кой-Таштагы кырдаалды иликтөө боюнча Мамлекеттик комиссиянын жыйынына катышпаганы тууралуу

 Эл өкүлү комиссиянын калыс чечим чыгараарына күмөнү чоң

Депутат Асел Кодуранованы 2019-жылдын 7-8-августтарында Кой-Таш айылында түзүлгөн кырдаалды иликтөө боюнча Мамлекеттик комиссиянын жыйынына эч ким расмий түрдө чакырган эмес. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына эл өкүлү өзү маалымдады.

- Мага эч ким чалган дагы жок, - деп тактады ал. - Мен ал жерге барышым керек болчу экенимди Равшан Жээнбековдон уктум. Же расмий чакыруу деген ушулбу? Анын үстүнө мен азыр сыркоолоп, үйдө болчумун.

Мамлекеттик комиссиянын кийинки жыйынына барасызбы деген сурообузга Кодуранова анын барышы абалды өзгөрттөөрүнө көзү жетпесин айтты.

- Комиссиянын калыстыгына күмөнүм бар. -Мен, албетте, ал күнкү окуялар туурасында айтып бере алам. Бирок, мындан бир нерсе өзгөрөбү?

Эске салсак, буга чейин Vesti.kg 7-8-августта Кой-Таш айылында түзүлгөн кырдаалды иликтөө боюнча Мамлекеттик комиссиянын кезектеги жыйынын туурасындагы өкмөт аппаратынын маалыматын жарыялаган эле.

Пресс-релизде бүгүн комиссия мүчөлөрү ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асанов менен экс-депутат Равшан Жээнбековду угушканы, Асел Кодуранова жыйынга жеке себептеринен улам келбей калганы айтылган.


Вероника Малышева
Фото www

 

 

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх