Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Чыныбай Турсунбековду рейдерликке жана салык жашырууга айыпташууда

 Активист мурдагы спикерди завод жана ири банктарды менчиктештирүүдө ири алдамчылыктарга барган болушу мүмкүн деди. Депутат өзү бул маалыматтын суу кечпесин билдирди

Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков менен дегеле өлкө жетекчилиги өкмөттүн мурдагы спикери, ЖКнын депутаты Чыныбай Турсунбековго тиешелүү мүлктүн төркүнүнө көңүл буруулары керек. Бул тууралуу активист Мелис Аспеков Facebook социалдык тармагындагы өз баракчасына жазган.

«Ири банктарды, заводдорду рейдерлик менен басып алуу, өтө чоң суммадагы салыктарды төлөөдөн качуу - ушул жана башка мыйзамсыз иштерге Жогорку Кеңештин мурдагы спикери Чыныбай Турсунбековдун түздөн түз тиешеси болушу мүмкүн», - деп жазган ал.

Мурдагы Бишкек арак заводу жана «АкылИнвестБанк»

Мисалы, активист Турсунбеков жана анын жакын туугандары Бишкек арак заводу менен «АкылИнвестБанктын» приватизациясына тиешеси бар деп божомолдоду.

«2009-жылы банкроттук процедураны ишке ашырууда арак заводунун мүлктүк капиталы Максим Бакиевдин жакын досу Алексей Елисеевге таандык «Энджи Билдинг» ЖЧКна 5 млн сомго сатылган, - деп баштайт Аспеков. - Апрель революциясынан кийин Убактылуу өкмөттүн декрети менен акцияларынын 70 пайызы улутташтырылып, калган 30 пайызы менен жеке акционерлердин укуктары кайтарылган».

Ошол эле маалда банкроттук процедура улантыла берген, дейт активист. Атайын администратор Айбек Айтымбетов анын айтымында, «Бишкек арак заводу» АКнун 100 пайыз акциясын - Чыныбай Турсунбековдун аялы Нуржан Тентимишованын кичүү иниси - Жумгалбек Давлетбековго саткан.

«Азия Оценка» ЖЧК жүргүзгөн баалоого ылайык, баштапкы старттык баасы 130 млн 675 миң сомду түзүп, бирок, бир катар ишке ашпаган тоорукка байланыштуу 50 пайызга азайтылган, - деп улантат Аспеков. - Кээ бир маалыматтар боюнча, аукционду үзгүлтүккө учуратуу - атайын администратордун алдын ала ойлонуштурулган аракети - муну менен ал заводдун сатыла турган баасын төмөндөтүүнү көздөгөн.

2011-жылы 19-сентябрда завод аукциондун жыйынтыгы менен 66 млн 600 миң сом сунуштаган ошол эле Давлетбековго сатылган.

«Кийин болсо арак заводуна анык ээликке Турсунбековдун жубайы - Нуржан Тентимишова өзү киришкен», - деп ишендирет активист.
Ошол эле маалда Жумгал Давлетбеков, андагы маалыматтар боюнча, «Бишкек ун комбинатынын» директору дагы болуп саналат, комбинатты сатып алууга 50 млн сомду «Акун» ЖАКнун башкы директору Тентимишова берген.

2012-жылдын 5-мартында УКМКнын Тергөө башкармалыгы атайын администратор Айбек Айтымбетовго жана башка Банкроттук иштер боюнча департаменттин жооптуу кызматкерлерине каршы кылмыш ишин козгогон.
«Славянский базар Баалоо Борбору» ААК«Бишкек арак заводун» кайра баалоону өткөрүп, жыйынтыкта заводдун активдерин жалпы суммасы 183 млн 400 миң сомго баалаган, башкача айтканда 50 млн сомго кымбатыраак.

Тергөөнүн жүрүшүндө тергөөчү атайын администратор Айтымбетовдун кайда экени белгисиз болгондугуна байланыштуу, ишти убактылуу токтотуу боюнча бир катар жолу чечим чыгарып,бирок, КРнын Башкы прокуратурасы токтотуп койгон.

«Кийин ал УКМКнын Тергөө башкармалыгына алынып келинген, бирок, тергөө жүрүшүндө атайын администратор Айтымбетовдун жыйынтыктоочу отчету Бишкектин район аралык соту менен бекитилип, Бишкек арак заводунун ликвидация процедурасы жыйынтыкталды деп табылган, - дейт Аспеков. 2014-жылдын 12-январында Банкроттук иштер боюнча департаменттин жооптуу кызматкерлеринин аракеттеринде кылмыш белгилеринин жоктугуна байланыштуу КРнын УКМКнын ТБ кылмыш ишин токтотуу чечимин кабыл алат».

Учурда, активисттин айтымында Бишкек арак заводунун мүлктүк комплекси ижарага берүү келишиминин негизинде Ибрагимов Сергей Мухамедовичтин («Кыргыз Коньягы» ЖЧКнын жана КРдагы башка бизнестердин ээси) башкаруусуна айына 12 миң АКШ доллар акысы менен 5 жылга берилген.

«Аталган бизнес Ибрагимов үчүн рентабелдүү эмес болуп саналат. Ал Турсунбеков менен түзгөн келишимде катачылыкка жол бергенин айтканын уккандар бар, - дейт ал. Мисалы, келишимдин шарты боюнча, эгерде контракт бир тараптуу токтотула турган болсо, демилге көтөргөн тарап экинчи жакка 1 млн АКШ доллар өлчөмүндө айып төлөшү керек экен.

«Капитал Банк» ААК (мурдагы «АкылИнвестБанк» ААК)

«2009-жылы «Азия Универсал Банк» ААКнун директорлор кеңешинин төрагасы Михаил Надель менин анын шериги Алексей Елисеев, Максим Бакиевдин колдоосуна таянып, «БТА Банк КР» ЖАКду басып алууга багытталган кылмыштык көмүскө бүтүмгө келишет, - деп улантат Аспеков. Бул үчүн «Интерконсалтинг» ЖЧК жана «Азия Универсал Риэлт» ЖЧК көзөмөл компанияларын түзүп, негиздөөчүсү менен директорлугуна Халил Акылбеков дайындалган.
Мында, анын айтымында «Азия Универсал Риэлт» ЖЧКнын балансында «АкылИнвестБанк» ижарага алган имарат болгон (Бишкек, Москва көчөсү, үй №161), Аталган имараттын ээси- Надель. Алдын ала баалоолорго ылайык, бул имараттын баасы 2 млн АКШ долларын түзгөн дейт активист.

«БТА Банк КР» ЖАКнун акцияларын рейдерлик басып алуу боюнча козголгон кылмыш ишинин жыйынтыгында Халил Акылбеков мүлкүн конфискациялоо менен 8 жылга эркинен ажыратылган.

Бирок, кийин Акылбеков КРнын Жогорку сотуна кассациялык даттануу менен кайрылып, 2013-жылдын 26-мартында КРнын райондук соттун чечимин өзгөртүп, Халил Акылбеков 3 жылдык сыноо мөөнөтү менен 8 жылга шарттуу түрдө кесилип калган

«Айрым маалыматтар боюнча КРнын Жогорку сотунун мындай чечимине Чыныбай Турсунбеков менен соттолгон Халил Акылбековдун жолугушуусу түрткү болгон. Анда Турсунбеков Акылбековго анын иши боюнча жардам көрсөтөөрүн убадалаган, - деп белгилейт Аспеков. - Акылбеков болсо аталган имаратты Турсунбековго базар баасынан алда канча арзан кылып саткан».

2012-жылдын 6-декабрында, активисттин маалыматы боюнча КРнын Улуттук Банкындагы «АкылИнвестБанктын» корреспонденттик эсебине банктын уставдык капиталын көбөйтүүгө 110 млн сом түшүп, жыйынтыкта анын капиталы 200 млн сомдон ашкан. Муну менен ал «АкылИнвестБанк» ААКу буга чейин банктын капитализациясы боюнча өзүнө алган милдеттенмелерин аткарып, ал эми КРнын Улуттук банк 2012-жылдын 7-декабрында андан банктык түз көзөмөлүн алып салган.

«Мына ушундан кийин спикер-күйөөсүнүн ири келишимдеринде катышы жок эмес Нуржан Тентимишова кайрадан аренада пайда болот, - дейт Мелис Аспеков. - Сөз болгон 110 млн сом «АкылИнвестБанк» ААКнун акционери Георгий Чесноков менен банктын акция пакети тууралуу алдын ала макулдашуу түзгөн дал ошол Турсунбековдун жубайынын атынан «Демир Банк» ЖАКнан келип түшкөн. Азыркы учурда аталган имаратта Тентимишовага таандык «Капитал Банк» ААК (мурдагы ОАО «АкылИнвестБанк») жайгашкан.

Учурдачы?

Активист 2017-жылы КРнын президенттигине Чыныбай Турсунбековдун талапкерлигин көрсөтүү демилгесин да Нуржан Тентимишова менен Жумгал Давлетбеков көтөрүшкөнүн белгилейт.

«Турсунбековдун саясий чечимдеринде алардын таасирлери абдан чоң, - деп эсептейт ал. Өкмөттүн спикери кезинде Давлетбеков досторун КРнын ИИМ,  Каржы полициясы жана КРнын өкмөтү алдындагы Салык кызматына ишке орноштурганга жардам берген».

Учурда, Аспековдун айтымында Чыныбай Турсунбеков саясаттан четке чыгып, кытай жана немис компанияларынын өкүлдөрү менен жигердүү иштешүүгө киришкен, ал тургай алар менен чогуу Кыргызстандын аймагында банк ачууга белсенип жаткан имиш.

«Ошондой эле, Турсунбеков азыркы маалда Бишкек шаарындагы «Киргизия-1» конушунда, Самойленко көчөсүндөгү, 4-үй жана 6-үй даректери боюнча эки хан сарай салып жатат», - деп кошумчалады ал.

Чыныбай Турсунбековдун кыймылсыз жана кыймылдүү мүлкү


Аспековдун айтымында, булардын бардыгы жалган аукциондорду өткөрүүнүн аркасында алынган.
- Бишкек шаары, Чыңгыз Айматов проспекти, №97/1-үй 80-батир (Чыныбай Турсунбековдун атына катталган);
- Бишкек шаары, Чыңгыз Айматов проспекти, №97/1-үй 41- батир (Чыныбай Турсунбековдун атына катталган);
- Бишкек шаары, Чыңгыз Айматов проспекти, №97/1-үй 57-батир (Чыныбай Турсунбековдун атына катталган);
- Бишкек шаары, Чыңгыз Айматов проспекти, №97/1-үй 79-батир (Чыныбай Турсунбековдун атына катталган);
- Бишкек шаары, Самойленко көчөсү, дом №3 «В» дареги боюнча жайгашкан батир (Нуржан Тентимишовага катталган);
- Бишкек шаары, Достук мкр, №5/9 -үй, 12-батир (Чыныбай кызы Бегимайга катталган);
- Бишкек шаары, Логвиненко көчөсү №21/2-үй, 1-батир (Айдай Турсунбековага катталган);
- Бишкек шаары, Чыңгыз Айматов проспекти, №97/1-үй 134-батир (Чыныбай уулу Эржанга катталган);
- Бишкек шаары, Тыныстанов көчөсү, №104-үй, 57-батир (Н.Турсунбековага катталган); - Бишкек шаары, Матровоч көчөсү, 68-үй дареги боюнча жайгашкан турак үй (Чыныбай уулу Эржанга катталган);
- Бишкек шаары, Д.Садырбаев көчөсү, №193 -үй дарегинде жайгашкан турак үй (Ж. Турсунбековго катталган);
- Чүй облусу, Аламүдүн району, Көк-Жар айылдык аймагы, Көк-Жар айылы, Карагул-Акмат көчөсү, н/ж дарегиндеги соода павильону (А.Турсунбековага катталган);
- Ысык-Көл облусу, Ысык-Көл району, Кара-Ой айылдык аймагы, курорттук зонада жайгашкан коттедждер (Чыныбай уулу Эржанга катталган);
- Ысык-Көл облусу, Ысык-Көл району, Кара-Ой айылдык аймагы, курорттук зонада жайгашкан мончо (Чыныбай уулу Эржанга катталган);
- Бишкек шаары, Москва көчөсү, №161-үй дареги боюнча жайгашкан административдик имарат (Чыныбай уулу Эржанга катталган);
- Бишкек шаары, Тоголок-Молдо көчөсү, № 7-үй дареги боюнча жайгашкан турак эмес имарат (Чыныбай уулу Эржанга катталган);
- Бишкек шаары, Чыңгыз Айтматов проспекти, №97/1-үй дареги боюнча жайгашкан өндүрүш багыттагы турак эмес жай (Чыныбай Турсунбековго катталган);
- Бишкек шаары, Чыңгыз Айтматов проспекти, №97/1-үй дареги боюнча жайгашкан коммерциялык багыттагы турак эмес жай (Чыныбай Турсунбековго катталган);
- Бишкек шаары, Чыңгыз Айтматов проспекти, №97/1-үй дареги боюнча жайгашкан № 30 - унаа токтотуучу орун (Чыныбай Турсунбековго катталган);
- Бишкек шаары, Чыңгыз Айтматов проспекти, №97/1-үй дареги боюнча жайгашкан № 33- унаа токтотуучу орун (Чыныбай Турсунбековго катталган);
- Бишкек шаары, Чыңгыз Айтматов проспекти, №97/1-үй дареги боюнча жайгашкан 66-унаа токтотуучу орун (Чыныбай Турсунбековго катталган);
- Бишкек шаары, Чыңгыз Айтматов проспекти, №97/1-үй дареги боюнча жайгашкан № 110- унаа токтотуучу орун (Чыныбай Турсунбековго катталган);
- 2005-ж. ак түстөгү, B 8252 AO мамлекеттик номурлуу «Мерседес-Бенц 313 CDI» маркасындагы автоунаа (Чыныбай Турсунбековго катталган);
- 2012-ж. кара түстөгү, B 0769 AG мамлекеттик номурлуу «Лексус-LX 570» маркасындагы автоунаа (Нуржан Тентимишовага катталган);
- 2006-ж. күмүш түстөгү, E 1050 A мамлекеттик номурдагы «Тойота-РАВ 4» маркасындагы автоунаа (Айдай Турсунбековага катталган);
- 2006-ж. ак түстөгү, 01KG 598 ABX мамлекеттик номурлуу«Мерседес-Бенц-S450» маркасындагы автоунаа ( Ж.Турсунбековага катталган);
- 2003-ж. күмүш түстөгү, B 6542 AZ мамлекеттик номурлуу «Субару-Форестер» маркасындагы автоунаа (Н. Турсунбековага катталган);
- 2006-ж. кара түстөгү, B 1570 AX мамлекеттик номурлуу «Мерседес-Бенц-ML 350», маркасындагы автоунаа ( Чыныбай кызы Бегимайга катталган);
- 2016-ж. көк түстөгү, 01KG 920 AAX мамлекеттик номурлуу «Тойота-РАВ 4» маркасындагы автоунаа (Чыныбай кызы Бегимайга катталган);
- 2002-ж. көк түстөгү, B 2514 AA мамлекеттик номурлуу «Лексус-RX 300» маркасындагы автоунаа (Чыныбай кызы Бегимайга катталган).
Чыныбай Турсунбеков менен туугандарынын фирмалары?
- «Керамет Co inc» кыргыз-түрк бирикмеси (Чүй облусу, Аламүдүн району, Октябрь айылы, №87-үй (Чыныбай Турсунбековго катталган);
- «Альтаир» дыйкан чарбасы (Чүй облусу, Баш-Кара-Суу айылы (Ч. Турсунбековго катталган);
- «Акун Курулуш» ЖЧК (Бишкек шаары, Ден-Сяопин көчөсү, №308-үй, Чыныбай Турсунбековго катталган);
- «Бишкек ишкерлеринин федерациясы» КФ (Бишкек шаары, Иса Ахунбаев көчөсү, №119 «А», Чыныбай Турсунбековго катталган);
- «Алчын» кыргыз-түрк бирикмеси (Бишкек шаары, Сагынбай көчөсү, №264-үй, 14-батир, Чыныбай Турсунбековго катталган);
- «Энди Билдинг» ЖЧК (Бишкек шаары, Тоголок-Молдо көчөсү №7-үй, Нуржан Тентимишовага катталган;
- «Бишкек ун комбинаты» ААК (Бишкек шаары, Кулиева көчөсү, №2-үй, Нуржан Тентимишовага катталган);
- «Акун Иссык-Куль» ЖЧК (Ысык-Көл облусу, Ысык-Көл району, Кара-Ой айылы, Нуржан ЖАК (Бишкек шаары, Ден-Сяопин көчөсү, №308-үй, Айдай Турсунбековага катталган.
«Бул бардыгы да эмес, -деп жазган Мелис Аспеков. Мындан ары, тигил же бул адамдын мыйзамсыз ишмердүүлүктөрү туурасындагы бардык маалыматтар кылмыш иштеринин негиз болуп берип, тийиштүү органдар мыйзам тарабынан каралган ыйгарым укуктарын аягына чыгарат деп ишенип туралык».

Мелис Аспековдун билдирүүсү боюнча пикирин угууга Vesti.kg Чыныбай Турсунбековдун өзүнө кайрылган. Турсунбеков бул жерде сөз кыла турчу эч нерсе жоктугун билдирди.

- Мен бул адамды жакшы билем, - деди ал. - Ал эмне жазып жатканын өзү да билбейт.

Ольга Федорчук
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх