Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Токон Мамытов: Фарид Ниязовдун жакындары менен жолугушуу сураган билдирүүсүн кароо кечигип  жатат

 Акыйкатчы президенттин мурдагы аппарат башчысы убактылуу кармоочу жайдагы кармалуу шарттарына дооматы жок экенин белгиледи

Акыйкатчы Токон Мамытов Бишкектеги СИЗО-1 убактылуу кармоочу жайында кармалып турган президенттин мурдагы аппарат башчысы Фарид Ниязовго барып келгенин өзү маалымдады.
Анын айтымында, 12-сентябрда ал абактагы жашы жете элек балдарды көргөнү бармак жана биротоло Ниязовго бара келүүнү да чечкен. Белгилүү болгондой, бир нече күн мурда Фарид Ниязов жакындары менен жолугушуу берүү өтүнүчү менен кайрылган, бирок ал азырынча карала элек экен.

- 12 -сентябрда мен СИЗО-1ге абактагы жашы жете электерди көргөнү келгем. Тергөө изоляторуна келген соң Фарид Ниязовду көрө кетейин дедим. Ал эки-үч күн мурда жакындары менен жолугууга мүмкүндүк сурап, арыз жазганын, бирок, азырынча жооп ала электигин айтты. Бир-эки күндө карашат деп ойлоп жатам.

Мамытов президенттин мурдагы аппарат башчысында кармалуу шарттарына эч кандай дооматы жок экендигин баса белгиледи.

Эске салсак, Фарид Ниязов 7-августта Кой-Таш айылына мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоого келген УКМКНын атайын кызматчыларын барымтага алуу боюнча шектелүүдө.

Президенттин аппаратынын экс-башчысы үстүбүздөгү жылдын 8-октябрына чейин камакка алынган.

Эльдос Казыбеков
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх