Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

КСДП депутаты: Мен Атамбаевди туулган күнү менен куттуктабайм

Мурдагы президент эртең 63 жашка толот

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев эртең - 17-сентябрда 63 жашка толот. Анын тарапташтары Горький паркында чыгармачыл кече өткөрүүгө камданышууда. Концертте кыргыз эстрада жылдыздары Алмазбек Атамбаевдин сүйүктүү ырларын аткарышмакчы.

Ал ортодо Vesti.kg КСДП парламенттик фракциясынын мүчөлөрүнө алар партиянын мурдагы лидерин туулган күнүндө куттукташабы-жокпу тактоо үчүн кайрылды.

- Мен аны куттуктабайм, - деди Vesti.kg сайтына ЖКнын депутаты Азамат Арапбаев.

Vesti.kg менен маектешип жатып, туулган күн ээсинин атын уккан анын кесиптеши Айнуру Алтыбаева телефонду коюп салды.

Фракциянын башка мүчөлөрүнөн пикир алууга мүмкүн болгон жок.

Мындан сырткары, Vesti.kg УКМКга кайрылып, Атамбаевге туулган күнүндө жакындары менен эле эмес, тарапташтары менен дагы жолугушууга уруксат берилеби-жокпу тактады. Улуттук коопсуздук комитетинде бул маселени мурдагы президенттин кылмыш ишин иликтеп жаткан ИИМнин чечээрин айтышты.

- Мындай болбойт го, - деп өз кезегинде жооп беришти ички иштер министрлигинде. Мыйзамда туугандары менен гана жолугушууга жол берилет.

Медина Купсулдаева
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх