Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Атамбаевдин тарапташтары кайра суракка чакырылды. Алар муну тынчтык акциясынын алдындагы коркутуу аракети катары кабыл алышууда

 Тергөөчүлөр Асел Кодуранова, Ирина Карамушкина ж.б. депутаттарды суракка чакырышты

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин тарапташтары кайрадан суракка чакырылды. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына КСДПнын төрагасынын орун басары Кундуз Жолдубаева маалымдады.

Анын айтымында суракка Жогорку Кеңештин депутаттары Асел Кодуранова менен Ирина Карамушкина, ошондой эле Жолдубаева өзү жана КСДПнын мүчөлөрү Роза Түрксевер жана Назгүл Мамытова чакырылган.

- Биз муну мурдагы президент Алмазбек Шаршенович Атамбаевдин эртеңки туулган күнүнө арналып, даярдалып жаткан тынчтык акциясынын алдында партия мүчөлөрү менен тарапташтарыбызды коркутуп-үркүтүүнүн кезектеги аракети катары эсептейбиз, - деди Жолдубаева.

Эске салсак, Бишкекте Кыргызстандын мурдагы президенти Алмазбек Атамбаевдин туулган күнүнө карата 17-сентябрда чыгармачыл кече өтмөкчү. Кечеде кыргыз эстрада жылдыздары мурдагы президент Атамбаевдин ырларын аткарышат.

 
фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх