Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

«Өкмөттөгүлөр чачтарач менен салондор койкоюп кооз болуп турса, анда жалаң байлар иштейт дешет го»

Министрлер кабинети сулуулук салондору менен акча алмаштыруу жайлары үчүн салыктарды көбөйтүүнү сунуштап жатат. Эксперттердин буга күмөнү чоң

Өкмөттүн айрым бизнес түрлөрүнө салыкты көбөйтүү идеясы - акыл калчабагандык. Мындай пикирин Vesti.kg сайтына салык жаатындагы эксперт Рита Карасартова бөлүштү.

- Сулуулук салондору же акча алмаштыруучу жайларга эле салык көтөрүү жөнүндө сөз болгону, кайдан акча таба калуу жолун издегендей эле сезилет, - деп белгиледи ал. Кумаркана бизнесинин салыгын көбөйтүп көрүшпөдү беле биздикилер, анда бардыгы көмүскөгө кетип калып тынышкан. Сулуулук салондору менен деле ошондой окуя болот. Өкмөттөгүлөр чачтарачтар менен салондор койкоюп, кооз болуп турса, анда байлар иштейт деп ойлошот го.

Рита Рахмановна мамлекет бизнесмендерди салык төлөөгө үгүттөгөн кампанияларды өткөрсө болмок деп кошумчалады.

- Бирок, салык чендер минималдык болушу керек, - ошондой бардыгы төлөш керек экендигин түшүнмөк, - деп сөзүн жыйынтыктады ал.

Тактай кетсек, буга чейин депутат Дастан Бекешев социалдык тармакта өкмөт чачтарачтар менен сулуулар салондоруна, ошондой эле акча алмаштыруучу жайларга салынган салыкты көбөтүүнү сунуштап жатканын жазган.

«Акча алмаштыруучу жайлар боюнча каршы эмесмин, бирок сулуулук салондору менен чачтарачтар боюнча бул сунушка кошулбайм.

Ал ортодо экономика илимдеринин доктору Асылбек Аюпов дагы чачтарачтар менен сулуулук салондорунун салыктарын көбөйтүүдөн жакшы майнап чыкпайт деген ойдо.

- Мен өзүм чачтарачтардын кызматтары менен колдоном жана азыр алардын кызмат акылары калктын көпчүлүк бөлүгүнө жеткиликтүү, салыктар көбөйө турган болсо, алар көтөрүлөт, - деп белгиледи ал Vesti.kg сайтына берген маегинде. - Мындан кардарлар жапа чегет. Кайсы бир бөлүгү салондордон баш тартып, бул ишкерлердин өзүнө да терс таасирин тийгизет. Бирок, мамлекеттин бюджетин бул эч кандай жол менен өзгөртпөйт. Өкмөт эмнеге кичи бизнестин дал ушул өкүлдөрүнө тийишип жатат - түшүнүксүз.

Вероника Малышева
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх