Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

ЖКнын депутаты: Матраимовдорго жакындаганга тыюу салган мыйзам жок (сүрөт)

Бакыт Төрөбаев, Матраимовдордун үй-бүлөсүнүн колдоосу менен өткөрүлгөн турнирге катышып келди. Кесиптештери эл өкүлүн буга күнөөлөгөнгө себеп жок деп белгилешүүдө

Бакыт Төрөбаевдин кесиптештери эл өкүлдөрү уюштуруучулары ким экенине карабастан каалаган иш-чараларга катышууга укуктары бар экенин белгилешти.
Ош шаарынын Ахматбек Сүйүмбаев атындагы атындагы борбордук стадионунда Бүткүл дүйнөлүк улуттук күрөш федерациясынын «Кулатуу Эртаймаш ММА» (WEF) турнири болуп өттү.

Буга чейин иш-чара КРнын МБКнын башчысынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун бир тууганы - Руслан Матраимовго таандык «EREM» спорттук клубунун колдоосу менен өткөрүлгөнү айтылган.
Муну айрым кыргызстандыктар катуу сынга алган, анткени, Райымбек Матраимов эл арасында «Райым-миллион» аты менен белгилүү жана жарандар анын мүлкү туурасында каржы полициясы өткөрүп жаткан текшерүүнүн жыйынтыгын алигиче күтүп жатышат…
Маалым болгондой, аталган турнирге кечээ Жогорку Кеңештин депутаты Бакыт Төрөбаевдин катышып келип, бул социалдык тармактардагы кезектеги талкууга жем таштады.

Төрөбаевдин кесиптештери Vesti.kg сайтына эл өкүлү уюштуруучулары ким экенине карабастан каалаган иш-чараларга катышууга укуктары бар экенин белгилешти.

Мисалга, ЖКнын депутаты Тазабек Икрамов Vesti.kg сайтына убактысы жок болгондугуна байланыштуу ал жеке өзү Оштогу турнирге барбай калганын айтып берди.

- Мен барган жокмун, менин башка жерде иштерим бар эле, - деди ал. Райымбек Матраимовдун бир тууганы - Искендер - биздин кесиптешибиз, жана эгерде биз бул үй-бүлөнүн иш-чараларына барсак - кесиптешибиз үчүн гана барабыз. Эгерде, Искендер Матраимов депутат болбосо жана биз Райымбекти колдоп гана барсак - анда бул туура эмес болуп калмак.

Башка депутат Кожобек Рыспаев Vesti.kg сайтына берген маегинде, Кыргызстанда Райымбек Матраимов менен сүйлөшүүгө тыюу салган мыйзам жоктугун эскертти.


- Балким, Бакыт Төрөбаев ал жерге кулатуунун сүйүүчүсү катары баргандыр, - деп божомолдоду ал. - Коомчулукта ар кандай сөздөр айтылып жатат. Бирок, Райымбекке жолобош керек деген мыйзам жок да.


Эске салсак, 2019-жылдын май айында Исмаил Матраимов атындагы фонд Исмаил Матраимовдун өзүнүн элесине жана Улуу Ата Мекендик согуштун 74 жылдыгына арнап футбол жана волейбол боюнча турнир өткөргөн.

Иш-чарада бир тууган Матраимовдор, ошондой эле Жогорку Кеңештин спикери, депутаттар жана мурдагы аткаминерлер катышып, «Райым-миллиондун» үй-бүлөсүн колдошту деп коомчулуктун сынына калышкан.

Зулайка Эркимбаева
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх