Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Сапар Исаковдун жактоочусу: СИЗОдо ал өзүн начар сезип жатат, бирок, ал муну эч кимге айтып, көрсөткөн жок

Замир Жоошев мурдагы премьер тез арада ооруканага жаткырылышы керек деп билдирди

Мурдагы премьер-министр Сапар Исаковдун жактоочулары соттук отурумду ден-соолугундагы көйгөйлөргө байланыштуу жылдырууну суранышууда. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына абактагы саясатчынын жактоочусу Замир Жоошев маалымдады.


- Исаков 16-августта биринчи жолу доктурга жаткырылганда, ага «моюн тамырларынын кысылышы» диагнозун коюшкан, бул илдет баш ооруга алып келет, - деп тактады Жоошев. Андан бери анын абалында өзгөрүү жок, ошол эле бойдон. Бул оору менен жабыкаган адамга тынчтык керек.

Анын айтымында, ар бир соттук жараяндан кийин Исаковдун абалы начарлап, жыйындарда ал жаткан абалда катышууга мажбур болууда. Андыктан, ал тез арада доктурга жаткырылышы керек.

- Ал сотко барганда, башында бир аз убакыт туруп тура алат, андан кийин ал жатышы керек болуп жатат.СИЗОго кайтканда өзүн абдан начар сезип жатат. Ал бул тууралуу коомчукка эч нерсе айтып, көрсөтүп жаткан жок. Бирок, биз муну көрүп жатабыз жана сотко кайрылуудабыз. Ал тез арада ооруканага жаткырылып, толук кандуу дарылануу алып чыгышы керек.

Сапар Исаков № 2 Улуттук госпиталдын неврология бөлүмүндө 2019-жылдын 16 августунан тарта стационардык дарылаанууга жаткырылган.

Эльдос Казыбеков
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх