Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Икрамидин Айткуловдун иши сотко өттү. Юрист өзү тергөө жүргүзүлбөгөнүн билдирди

Белгилүү адвокат Фемида анын ишин акыйкат иликтейт деген ишеничте

Алдамчылыкка шектелип, кармалган адвокат Икрамидин Айткуловго карата козголгон кылмыш ишин тергөө аяктап, Октябрь райондук сотуна берилди. Бул тууралуу Бишкек ИИББнын басма сөз кызматы билдирет.

Ал ортодо юрист өзү Vesti.kg сайтына берген маегинде анын иши боюнча тергөө дээрлик жүргүзүлбөгөнүн билдирди.

- Бардыгы менин мурдагы кардарымдын курулай сөздөрүнө негизделди, - деп тактайт Айткулов. Ал эми бетме-бет коюуда мени алгачкы ирет көргөн адамды жабырлануучу кылып коюшту. Мен аны менен телефон аркылуу да сүйлөшкөн эмес. Эми, сот бардыгын териштирет деп ойлойм.

Эске салсак, буга чейин Бишкек ИИББ, аларга бир эркек киши арыз менен кайрылып, Айткуловду 5500 АКШ долларын алып алганы боюнча айыптаганын маалымдаган.

22-августта Айткуловго 204-берененин 2-бөлүгү (алдамчылык) боюнча кылмыш жасаган деп шектелип жатканы туурасында билдирүү тапшырылган.

Зулайка Эркимбаева
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх