Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Экс-вице-премьер: Чек арадагы жаңжалдардын алдын алууу үчүн күч түзүмдөрү провокаторлор менен күрөшүүгө тийиш

Абдырахман Маматалиевдин айтымында кыргыз тарап демилгени өз колуна алышы кажет

Өкмөт алдындагы чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча комиссия тажик тараптын ушул маселе боюнча комиссиясы менен байланышын жөнгө салышы керекк. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына коргонуу, коопсуздук жана чек ара маселелери боюнча мурдагы вице-премьер-министр Абдырахман Маматалиев билдирди.

Анын айтымында 2014-жылы кезектеги чыккан чырдын жүрүшүндө кыргыз жана тажик комиссиялары тогуз жолу жолуккан.
- 2014-жылы чек арадагы абал өтө курч болчу, каза тапкандар, жабыркагандар болгон - деп эске салды Маматалиев. Кыргыз жана тажиктердин эки комиссиясы тогул жолу кезиккен. Жылдын аягына чейин биз мамилелерди турукташтырып, ортодогу чырларды жокко эсе кылганбыз.

Мындан сырткары, экс-вице-премьер жергиликтүү бийлик органдары калк менен иш жүргүзүп, күч түзүмдөрү чек арадагы кырдаалды курчутканга аракет кылган чагымчыл аракеттерди токтотууга болгон күчтөрүн жумшашы керектигин кошумчалады.

- Комиссия жергиликтүү тургундар менен иштеши керек, - деп белгиледи Маматалиев. Кээде жөнөкөй турмуштук бир чыр чоң кагылуушуларга алып келип калышы мүмкүн, ошондуктан, жергиликтүү жашоочулар менен тез-тезден иш алып баруу керек. Ошондой эле, мен мындай иш-чараларды чек аранын жанында жашаган коңщу тараптардын катышуусунда өткөрүп турууга кеңеш берет элем.

Эске салсак, кечээ кыргыз-тажик чек арасында кайрадан чыр чыгып, ок атылган. Ок атышуудан Кыргызстандын 13 жараны жабыркаган.

Чыр Тажикстан республикасынын жарандары мамлекеттик чек аранын такталбаган аймакта курулуш иштерин баштагандарынан улам чыккан. Буга жооп катары Кыргызстандын жараны ушул тилкеде жайгашкан өзүнүн үйүнүн короосунун дубалын тургузуп баштайт. Эки өлкөнүн чек ара өкүлдөрү жолугушуп, эки тарап тең курулуш иштерин токтотуу чечимин кабыл алышкан.


Буга карабай, чек арачылардын талаптарын аткарбастан, Тажикстандын жарандары курулуш иштерин уланта беришкен. Биздин мекендеш тажикстандыктардын аракеттерин жооп кылып, өз курулуш иштерин дагы токтоткон эмес. Болжол менен 19:30да тажик аскер кызматкерлери орой түрдө Кыргызстандын жаранына курулуш иштерин токтотуусун талап кылып, жаңжал ушундан башталган.


Кагылышуунун жүрүшүндө КРнын МЧКнын «Бөрү» атайын даярдыктагы бөлүмдүн кызматынын прапорщиги Равшан Муминов каза тапкан. Анын артында жубайы, үч баласы жана улгайган апасы калды.


Эльдос Казыбеков
Фото www

 

 

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх