Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

ЖКнын кайсы депутаттары бүгүн чек арадагы көйгөйдү чечүүгө Баткенге барышат?

 Эл өкүлдөрү менен учак 11:00дө учмак

Жогорку Кеңештин депутаттары кыргыз-тажик чек арасында чыккан чырга байланыштуу, бүгүн Баткен облусуна барышат. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына өкмөттөн билдиришти.

Маалым болгондой, аймакка вице-спикер Мирлан Бакиров, депутаттар Мурадыл Мадеминов, Талант Мамытов жана Төрөбай Зулпукаров барышат.
Эл өкүлдөрү менен учак 11:00дө учмак

16-сентябрда Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков Баткен облусунун Лейлек районунда болуп өткөн ок атышуу боюнча ыкчам кеңешме өткөргөн.

Эске салсак, кечээ кыргыз-тажик чек арасында кайрадан чыр чыгып, ок атылган.


Чыр Тажикстан республикасынын жарандары мамлекеттик чек аранын такталбаган аймакта курулуш иштерин баштагандарынан улам чыккан. Буга жооп катары Кыргызстандын жараны ушул тилкеде жайгашкан өзүнүн үйүнүн короосунун дубалын тургузуп баштайт. Эки өлкөнүн чек ара өкүлдөрү жолугушуп, эки тарап тең курулуш иштерин токтотуу чечимин кабыл алышкан.


Буга карабай, чек арачылардын талаптарын аткарбастан, Тажикстандын жарандары курулуш иштерин уланта беришкен. Биздин мекендеш тажикстандыктардын аракеттерин жооп кылып, өз курулуш иштерин дагы токтоткон эмес. Болжол менен 19:30да тажик аскер кызматкерлери орой түрдө Кыргызстандын жаранына курулуш иштерин токтотуусун талап кылып, жаңжал ушундан башталган.


Кагылышуунун жүрүшүндө КРнын МЧКнын «Бөрү» атайын даярдыктагы бөлүмдүн кызматынын прапорщиги Равшан Муминов каза тапкан. Анын артында жубайы, үч баласы жана улгайган апасы калды. Мындан сырткары, 13 киши жабыркап, экөө оор абалда.

Гулиза Чудубаева
фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх