ИИМнин башчысы Кашкар Жунушалиев азыр Баткен облусунда
Ал кыргыз-тажик чек арасындагы абалды жөнгө салуу маселелерин талкуулады
Ички иштер министри Кашкар Жунушалиев азыр Баткен облусунда иш алып барууда. ИИМнин башчысы ички иштер түзүмдөрүнүн жеке курамы менен кыргыз-тажик чек арасындагы абалды жөнгө салуу маселелерин талкуулап, коомдук тартим менен жарандардын коопсуздугун камсыздоо тапшырмасын коюп, ошондой эле башкак күч түзүмдөрү жана жергиликтүү өзүн өзү башкаруу өкүлдөрү менен жергиликтүү калк арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү буюрду.
Министр чек арадагы кырдаалды тез арада турукташтырып, калыс иликтөө жүргүзүү зарылдыгын белгиледи.
Баткен облусунда укук коргоо органдарынын кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөшүүдө. Милиция кызматкерлери чек арага жакын аймактарга күнү-түнү көзөмөл кылышууда.
Учурда милиция кызматкерлери калк арасында жигердүү түшүндүрүү иштерин жүргүзүшүүдө. Мамлекетик чек аранын кыргыз-тажик аймагында абал салыштырмалуу туруктуу.
ИИМнин басма сөз кызматы
Фото www