Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

  Башкы прокурордун мурдагы орун басары: Менин Токон Мамытовго наарачызылыгым жок. Ал өз пикирин билдирүүгө укуктуу

 Кой-Таштагы окуялар боюнча комиссиянын мүчөсү, азырынча алар эч кандай тыянак чыгарышпагынын, андыктан комиссия бир тараптуу иш жүргүзүп жатканы жөнүндө сөз кылууга али эртке экенин белгиледи

Акыйкатчы Токон Мамытов Кой-Таш айылындагы окуяларды иликтөө боюнча иш алып барып жаткан комиссиянын курамын өзгөртүүнү сунуштады. Бул тууралуу ал ЖКнын Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш жана соттук-укуктук маселелер боюнча Комитеттинин жыйынында билдирди.

Анын айтымында Атамбаевдин башкаруусу маалында соттолгондор 7-8-августта Кой-Ташта орун алган окуялар боюнча бир жактуу баалоо жүргүзүп коюшу мүмкүн.

«Мен комиссиянын курамын кайрадан карап чыгууну сунуштайм. Албетте, мен комиссиянын ар бир мүчөсүн урматтайм. Бирок, мурдагы бийлик учурунда соттолуп, кийин акталган кишинин пикири бир жактуу болуп калат деп эсептейм»,- деген Мамытов.

24.kg басылмасы акыйкатчы мындай билдирүүсүндө башкы прокурордун мурдагы орун басары жана улуттук коопсуздук министри Кубатбек Кожоналиевди сөз кылганын жазган. Акыйкатчынын өзүнөн пикир угууга мүмкүн болгон жок

Ал ортодо Кубатбек Кожоналиев Vesti.kg сайтына берген маегинде Мамытов өз пикирин билдирүүгө укуктуу экенин белгиледи. Бирок, ал буга чейин акталганын, демек эч качан соттолбогонун баса белгиледи.

- Мен эч качан соттолгон эмесмин, мен дароо акталгам, - деп эске салды Кожоналиев. -Экинчиден, комиссиянын мүчөсүнөн кимдер, качан соттолгонун жакшылап карап чыгыш керек. Ал өз пикирин билдирүүгө укуктуу.

Мындан сырткары, Кубатбек Азимович эч качан Алмазбек Атамбаев менен жолукпаганын жана комиссиянын калыс эместиги жөнүндө сөз кылуу али эрте экенин кошумчалады. Анткени, ал азырынча эч кандай тыянак чыгара элек.

Эске салсак, 2012-жылдын октябрь айында башкы прокурордун мурдагы орун басары Кубатбек Кожоналиев «бийликти күч менен басып алууга аракет жасаган» деп айыпталып, 24-октябрда үй камагына чыгарылган. Кийин ал соттун негизинде акталып чыккан.

Эльдос Казыбеков
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх