Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

ЖК депутаттары каза болгон чек арачынын үй-бүлөсүнө бир күндүк эмгек маянасын которууга даяр

 Кожобек Рыспаев, мындан сырткары кесиптештерин Алмазбек Атамбаевди кармоо боюнча атайын операцияда окко учкан спецназдын үй-бүлөсүнө да жардам көрсөтүүгө чакырды

Жогорку Кеңештин депутаттары бир күндүк эмгек маянасын каза болгон аскерлердин үй-бүлөлөрүнө которууга тийиш. Мындай демилгени парламенттин жыйынында эл өкүлү Кожобек Рыспаев көтөрдү.


- Кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалда бир чек арачы каза таап, артында 3 баласы калды, - деди депутат. Кой-Таштагы окуяда да «Альфанын» бир жоокери каза тапты. Анын дагы 3 баласы атасыз калды. Жардам катары бир күндүк маянабызды которууну сунуштайм.

Депутаттын сунушун парламенттин спикери Дастан Джумабеков колдоого алды.

- Эки үй-бүлө болуп жаткандыктан, келиңиздер 2 күндүк айлыкты которобуз, - деп кошумчалады ал. Бардыгын мажбурлай албайбыз, бирок, колдоого даяр депутаттар бизге кошулуп жардам бере алышат.

Мындан сырткары, Рыспаев түшүмү кар астында калган Суусамыр өрөөнүнүн дыйкандарына дагы колдоо көрсөтүүнү сунуштады.

Анын айтымында аларга жардам берүүгө 12 млн сом керектелет.

- Дыйкандарга жардам кылуу керек, алар өкмөттөн колдоо табышаарын түшүнсүн. Бул үчүн 12 млн сом керек болот, - деди депутат. Мен бул боюнча агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана аймактык өнүктүрүү боюнча комитетке кайрылдым.


Зулайка Эркимбаева
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх