Премьер-министр өкмөттө кыргыз-тажик чек арасындагы абал туурасында маалымат берет
Өкмөт мүчөлөрү менен депутаттар Баткен облусунан борбор калаага келишти
Жогорку Кеңештин спикери Дастан Джумабеков премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевди парламенттин жыйынына чакырып, кыргыз-тажик чек арасындагы абал тууралуу маалыматын угалык деп сунуштады.
- Өзүңүздөр билгендей, 16-августта кыргыз-тажик чек арасында күтүлбөгөн кырдаал түзүлдү, - деди Жумабеков. Жаман окуя болду, жаңжалдын жүрүшүндө бир адам каза таап, жабыркагандар болду. Окуя болгон жерге өкмөт башчы, парламенттин вице-спикери жана депутаттар барган. Бүгүн түн ичинде алар шаарга кайтып келишкен, мен 14:00гө премьер-министрди чакыртып, Максат айылында болуп өткөн окуя менен азыркы абал тууралуу анын маалыматын угуп чыгууну сунуштайм.
Жогорку Кеңештин депутаттары төраганын сунушун колдоого алышты.
Эске салсак, 2019-жылдын 16-сентябрдында мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик аймагында кайрадан жаңжал чыгып, ок атылган.
Окуя болгон жерге депутаттар Төрөбай Зулпукаров, Мирлан Бакиров, Аида Касымалиева, Таабалды Тиллаев жана Талант Мамытов барышкан.
Зулайка Эркимбаева
Фото www