Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Тажикстандын ТИМи дагы кыргыз тарапка наарачызылык нотасын тапшырды

«Кыргызстандыктардын чагымчылар аракеттеринин кесепетинин» үч тажик жоокери каза болуп, жай тургундар жабыркады. Өкмөт башчылары окуяны талкуулашты

Кыргызстандын иштери боюнча Тажикстандагы убактылуу ишенимдүү адамы Тажик Республикасынын Тышкы иштер министрлигине 16-сентябрда тажик-кыргыз чек арасында түзүлгөн кырдаал боюнча чакырылды. Бул тууралуу НИАТ «Ховар» маалымдайт. 

Тажик тарап «кезектеги жолу мурда жетишилген макулдашууларга каршы чек Тажикстан менен Кыргызстандын такталбаган аймагына курулуш иштерин баштаган» кыргыз тараптын аракеттерине нааразычылыгын билдирди.

РТ ТИМи кыргыз тарап окуя болгон жерге 250-300 аскерди тартып, Бахор тажик айылынын жай тургундарына каршы ок атканын белгиледи.

«Муну менен алар Тажикстандын чек арачыларын жергиликтүү калктын коопсуздугун камсыздоо максатында жооптуу чараларды көрүүгө мажбур кылышкан, - деп жазылат билдирүүдө. Кыргыз аскерлеринин чагымчыл аракеттеринен улам Тажикстандын 3 жоокери каза таап, жай тургундар, анын ичинде аялдар менен жаш балдар ар кандай деңгээлдеги жаракат алышкан».

2019-жылы июлда орун алган эки мамлекеттин башчыларынын жолугушуусунда жана мурда жетишилген макулдашууларды сактоо максатында тажик тарап кыргыз тараптан мамлекеттик чек аранын аймагында бузуку аракеттерден алыс болуп, мындай чагымыл аракеттердин алдын алуу боюнча ыкчам чараларды көрүүнү көптөн көп суранган.

Аталган факт боюнча Тажикстан республикасынын ТИМ кыргыз тарапка нааразычылык нотасын тапшрыды.

Кийинчерээк Кыргызстан менен Тажикстандын өкмөт башчыларынын жолугушканы тууралуу маалымат айтылды. Мухаммедкалый Абылгазиев менен Кохир Расулзоды кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын «Кызыл-Бел» көзөмөл бекетинде кезигишкен. Өкмөт башчылары чек арадагы окуя аскер кызматкерлеринин өлүмүнө алып келгенине өкүнүч билдирип, каза болгондордун жакындарына көңүл айтышты.

Эки тарап мамлекеттик чек аранын делимитация жана демаркациялоо боюнча бирдиктүү көп пландуу иштерди күчтөндүрүп, чек ара кызматтыштыгы боюнча топтолгон маселелерди чечүү керектигин айтышты.

Тараптар чек ара аймактарындагы абалды эки мамлекеттин элинин кызыкчылыктарында турукташтыруу зарылдыгы жөнүндө билдиришти.

Премьер-министрлердин тапшырмасы менен эки республиканын вице-премьер-министрлери, ошондой эле чек ара кызматтарынын башчылары пайда болгон маселелерди чечүү үчүн жеринде алып барып жаткан бирдиктүү иш-аракеттерин улантат.

Фото www

 



Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх