Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Турат Акимов: Президент Атамбаев менен күрөшүүгө эки жылын коротту. Тышкы саясатка анын убактысы болгон жок

 Саясат таануучулар чек арадагы абалга президенттин да күнөөсү жок эмес дешти

Кыргыз-тажик чек арасында орун алган кезектеги жаңжал Кыргызстандын жарандарында нааразычылык жаратып, өкмөттүн депутаттарына, аткаминерлерге жана президентке сын-пикирди күчөттү.​

Коомчулук бир жоокердин өлүмүнө жана ондон ашык адамдын жабыркашына алып келген бул чыр-чатакка бийлик өзү жол берди деген пикирде.

Бул боюнча өз пикирин саясат таануучу Турат Акимов дагы билдирди. Ал Vesti.kg сайтына берген маегинде президент Сооронбай Жээнбеков кызматына киришкенден бери тышкы саясат менен алектенбегенин айтты.

- Бул жерде мамлекет башчы Сооронбай Жээнбековду башкы командачы катары караш керек, - деп белгиледи эксперт. - Ал эми, эгерде биз чек ара сюрприздерине тынымсыз туш болуп жатсак, демек чалгындоо иштери, Кыргызстандын дипломаттары, өзгөчө ал жерде отурган элчи Жаныш Рустенбеков начар иштеп жатканын түшүнсө болот. Негизинен Баткен окуясы өткөндөн бери Тажикстан менен чек ара дайыма эле чыңалып турат. Тажикстандын бул аймагында наркобарондор менен баңгизат кеткен жолдор абдан көп, Ворух сыяктуу анклавдарда героинди кайра иштеткен лабораториялардан бери бар. Андыктан, учурда болуп жаткан окуяларга уюшулган кылмыштуулукпу же Тажикстандын бийлигиби - баарынын тиешеси болушу мүмкүн. Мүмкүн акыркылар уюшулган кылмыштуулукту кандайдыр-бир артыкчылыктарга ээ болуу максаты менен колдонуп жатышкандыр.

Анын ою боюнча, тажик тарап Лейлек районун Баткен облусунан кесип таштап, Кыргызстанды кургак жол мүмкүндүктөрү менен жолдорсуз калтырууга ниеттенүүдө.​

- Азыр биз аскер техникабызды дагы Баткенге өткөрө албайбыз, - дейт Акимов. А коңшулар болсо эки анклав ортосундагы жолду бууп, Арка жана Канибадам көлү тараптан өз аскерлерин киргизе алышат.

Ал мамлекет башчы тышкы саясатка көбүрөөк көңүл бурушу керектигин кошумчалады.

- Негизинен эле тынчтык, Куралдуу күчтөрдүн абалы маселеси - президенттин преференциясында, - деди . –Мындай абалга бардык президенттер күнөөлүү жана Сооронбай Жээнбеков бардык иштерди ары таштап, чек ара, чалгындоо жана дипломатия маселелеринө үңүлүш керек. Эки жылдык өмүрүн Атамбаев менен күрөшүүгө кетирип жатып, тышкы саясатка убактысы болгон жок го.
Иш сапарларын, ал албетте жүргүзүп жатат дечи, бирок, алардын бардыгы протоколдук жана мурда макулдашылган. Бир ай мурда Эмомали Рахмон менен эмнени сүйлөшкөнү түшүнүксүз, кайра эле мындай жаңжал чыгып жатпайбы. Менин оюмча, тажик тарап Израиль Палестинага карата жүргүзгөн жерлерди метрлеп, кичинеден басып алган саясатын кайталап жатат.​

Сооронбай Жээнбеков тарабынан тышкы саясат жүргүзүлбөгөнүн саясат таануучу Аида Алымбаева да билдирди.

- Кыргыз-өзбек чек арасы боюнча макулдашуу жөнүндө айтсак, ал биздин коңшулардын демилгеси болчу, бул жерден мен Сооронбай Жээнбеков эмес Шавкат Мирзиеевге ыраазычылык билдирет элем, - деди ал.

– Кыргызстан, дегеле долбоорлордун жигердүү демилгечилеринин катарына кирбейт. Мындай Аскар Акаевдин башкаруу убагында эле бар болгон, ал эл аралык аренада Кыргызстандын сүйлөшүүчү катары статусун көтөрчү эле. Жээнбековдун маалында биз пассивдик абалга ээбиз, биз жөн гана коңшулар жүргүзгөн саясатты ээрчип келе жатабыз. Жалпы жонунан, майыптыгы бар адамдардын укугу боюнча ООНдун Конвенцияга кол койгонубуздан башка, азыркы президентти мактагыдай эч нерсе деле жок.


Фото www​

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх