Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

КР Чек ара кызматы: Кыргыз-тажик чек арасында абал туруктуу

«Кулунду автоунаа жолу» көзөмөл өткөрмө жайынан башка Тажикстан менен чек ара тилкесиндеги өткөрмө жайлары кадимки тартипте иштеп жатат

Мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесинде абал туруктуу. «Кулунду автоунаа жолу» көзөмөл өткөрмө жайын эске албагандар, Тажикстан менен чек ара тилкесиндеги өткөрүү жайлары кадимки тартипте иштөөдө. 17-сентябрда тажик тарап «Кулунду автоунаа жолу» көзөмөл өткөрмө жайы аркылуу Тажикстан жана Кыргызстан жарандарын өткөрүүнү убактылуу токтоткон. Үчүнчү өлкөлөрдүн жарандары бул өткөрмө жайынан эч кандай чектөөсүз өтө алышат.

КРнын Мамлекеттик чек ара кызматынын чек ара бөлүмдөрү күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөшүүдө. Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара өкүлчүлүктөрү сүйлөшүүлөрүн улантып жатышат.

КР МЧК басма сөз кызматы
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх