Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Орозбек Опумбаев мамлекеттик комиссияга «өтө жашыруун» грифи бар документтерди көрсөттү

Кой-Таштагы окуяларды иликтеген комиссия УКМКда көчмө жыйын өткөрдү. Кийинки жолугушууга Абдил Сегизбаевдин да чакырылары айтылды

2019-жылдын 7-8-августунда Кой-Таш айылында түзүлгөн кырдаалды иликтөө боюнча түзүлгөн мамлекеттик комиссиянын мүчөлөрү Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин имаратында көчмө жыйын өткөрүштү.


Кезектеги жыйындын жүрүшүндө УКМКнын төрагасы Орозбек Опумбаев комиссиянын мүчөлөрүнө  бир катар документтерди, алардын ичинде «өтө жашыруун» грифине ээ кагаздарды көрсөттү.

Мамлекеттик комиссиянын кийинки жыйынына Жогорку Кеңештин депутаттары Ирина Карамушкина, Асел Кодуранованы, коомдук ишмер Турусбек Коеналиевди, УКМКнын экс-төрагасы Абдиль Сегизбаевди чакыруу чечими кабыл алынды.

Өкмөттүк аппараттын маалыматтык камсыздоо бөлүмү
фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх