Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

 УКМКнын мурдагы кызматкери кыргыз-тажик чек арасына аскерлер менен чопкутталган техниканы тартууну сунуштады

«Коңшулар гранатомет менен тайманбай эле аткылап атса, анда демек биздин чек арачыларды чымын чаккандай көрбөйт. Жок дегенде кичине болсо да эсептешип калышмак

Кыргыз-тажик чек арасындагы чыккан чырлар Мамлекеттик чек ара кызматынын КРнын Куралдуу күчтөрүнүн курамында болушунун натыйжасыздыгын көрсөтүп койду. 16-сентябрдагы кандуу окуяларга байланыштуу, чек ара кызматын 2012-жылга чейин курамында болуп келген КРнын УКМКнын карамагына кайрадан өткөрүү маселеси жаралууда. Мындай пикирин мамлекеттик башкаруу боюнча эксперт Алишер Мамасалиев билдирди.

«Чек ара күчтөрүнүн административдик-укуктук статусун өзгөрүү өзүн актаган жок, -деп эсептейт ал. -Биздин түштүктөгү чек араларыбыз акыркы жылдары күчтөнбөй эле жылдан жылга чек арага жакын аймактагы чырлардын тутанышы уламдан улам көбөйүүдө. Мындай динамика тынчсыздандырбай койбойт..»

Мындан сырткары, Мамасалиев МЧК менен УКМКнын милдеттери окшош экендигин белгиледи. Экөө тең мамлекеттик чек аранын коопсуздугун жана өлкөнүн экономикалык кызыкчылыктарын сактоого, террористтерди аныктоого, чек ара аймактарында ыкчам жана агенттик ишмердикти жүргүзүүгө багытталган. Борбордук Азия боюнча кошуналарыбызда (Түркменистандан башка) чек ара аскерлери улуттук коопсуздук түзүмдөрүнө кирет.

«Учурда КРнын Чек ара кызматынын ишмердүүлүгү биздин алдыбызда турган заманбап чакырыктарга толугу менен жооп бербейт, - деди эксперт. Мамлекеттик чек араны коргоонун эффективдүүлүгүн жогорулатуу максатында биз КРнын Чек ара кызматынын статусун өзгөртүү тууралуу ойлонууга тийишпиз деп ойлойм».

КРнын Улуттук коопсуздук комитетинин мурдагы төрагасы Кеңешбек Дүйшөбаев Мамасалиев өтө туура жана актуалдуу маселени козгогонун белгиледи.

- 2010-жылы МЧК менен УКМКны бириктирээрде чет өлкөлүк тажрыйбалар сыяктуу көптөгөн факторлордун негизинде бул жол чек ара менен улутук коопсуздукту коргоо боюнча эң эле натыйжалуусу деп табылган эле, - деди ал Vesti.kg сайтына берген маегинде. - 2012-жылы эмнеге бөлүп салышты мага түшүнүксүз.

КРнын УКМКнын төрагасынын мурдагы орун басары Марат Иманкулов да Чек ара кызматы тээ Советтик Союз маалынан бери улуттук коопсуздук органдарына караштуу болуп келгенин да эске салды.

- Бул түзүмдөр ички жана тышкы коопсуздукка байланыштуу окшош милдеттеге ээ, - деп түшүндүрдү ал Vesti.kg сайтына. - Ал эми чек арачылар азыркы биздегидей Куралдуу күчтөрдүн курамына кирип турса, чек арада жаңжал чыккан учурда экинчи тарап аларды такай аракеттеги күчтөр катары жана баскынчылык деп баалап, бул начар кесепеттерге алып келиши мүмкүн. Мен МЧКнын УКМКга кайтып келишин кош колдоп колдойт элем.
Ал эми, УКМКнын бөлүмүнүн жетекчиси жана саясат таануучу Максат Мамытканов Алишер Мамасалиевдин сунушу эч нерсени өзгөртпөйт деген пикирде. Vesti.kg сайтына ал бийлик токтотуу жолун таба албагандан кийин, чек арадагы тартипсиздик эч жакка жоголбойт дейт.

- МЧКны УКМКдан чыгарууда эң негизги жүйөө - чек арачыларды башкарган чоңдордун санын азайтуу эле, - деди ал. Мурдагыдай кыла турган болсок, анда Чек ара кызматынын башчысы кайрадан УКМКнын башчысынын кол алдындагы орун басары болуп калат. Бул болсо эксперттин пикиринде кызматтын натыйжалуулугун эч жогорулатпайт.

- Бир эле сууга төртүнчү ирет кайрадан кирүү - күлкүлүү, - деп ишенет Мамытканов.

Коңшулар кыргызстандын чек арачыларын «туура эмес түшүнүп калат» деп коркуп отурбай, тескерисинче, чек арага Куралдуу күчтөрдүү тартуу керек, - дейт эксперт. - Биздин Чек ара кызматыбыз кимдир-бирөөгө каршылык көрсөтө алгыдай техникалык мүмкүнчүлүгү жок. Артиллерия жок, чопкутталган оор техника жок. Коңшулар гранатомет менен тайманбай эле аткылап атса, анда демек биздин чек арачыларды чымын чаккандай көрбөйт. Кичине болсо да коркуп калышмак.

Белгилей кетсек, Кыргызстан эгемендүүлүккө ээ болгон 28 жыл аралыгында КРнын МЧК УКМКнын курамынан чыгып, кайра кирип отуруп, баш-аягы 6 жолу өзүнүн административдик статусун өзгөрткөн.

2012-жылы Алмазбек Атамбаевдин буйругу менен Чек ара күчтөрү КРнын УКМКнын курамынан чыгарылып, КРнын Мамлекеттик чек ара кызматы болуп түзүлгөн.


Ольга Федорчук
Фото www

 

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх