Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Адиль Турдукулов: Кыргызстанда миграцияны бурмаланган мааниде түшүнүшөт

Бишкекте Миграция боюнча мамлекеттик кызматтын айрым милдеттерин ТИМне өткөрүп берүү маселеси талкууланып жатат

ТИМнин Миграция боюнча мамлекеттик кызматтын штаттык бирдиктеринин бир бөлүгүн өзүнө өткөрүп аалуу демилгеси - туура. Мындай оюн Vesti.kg сайтына миграция маселелери боюнча эксперт, «Замандаш» партиясынын лидери Жеңиш Молдокматов бөлүштү

- Миграция боюнча мамлекеттик кызматтын штаты абдан кичинекей, анын үстүнө каржылоосу да жетишпейт, андыктан тышкы миграциянын көйгөйлөрү менен ТИМ деле иш алып бара алат, - деп түшүндүрдү ал. Миграция кызматында ички мигранттар менен деле толтура иши калат. Ошондой эле, иммигранттар жөнүндө, биринчи кезекте биздин өлкөдө мыйзамсыз жашап жаткан Кытайдын жарандары тууралуу да эстен чыгарбоо керек.

Муну менен бирге ТИМнин мурдагы кызматкери Адил Турдукулов Кыргызстанда миграция саясатын жалпы жонунан өзгөртүү керек деген пикирде.

- Негизинен эле биздин мамлекетте миграциянын бурмаланган маанисин түшүнүшөт, мамлекеттик структуралар жарандарыбызга чет өлкөгө кетүүгө жардам беришет, - деди ал Vesti.kg сайтына берген маегинде. - Мамлекет алгач адамдык капиталды өстүрүп, окутуп-чокутуп, анан мамлекеттен чыгып кетүүсүнө мүмкүндүк берет. Мындай түшүнүктөн арылуу зарыл.

Турдукулов миграция саясатынын вазийпаларын Тышкы иштер министрлигине өткөрүп берүүнүн мааниси жоктугун кошумчалады.

- ТИМнин өзүнүн милдеттери жетиштүү, - деп белгиледи ал. Тышкы саясат боюнча мекеме ансыз деле мигранттар менен иштешет. Мисалга, калкты каттоо боюнча, өзгөчө шайлоо алдында..

Тактай кетсек, Бишкекте тегерек үстөл өтүп, анда ТИМнин Миграция боюнча Мамлекеттик кызматтын 32 штаттык бирдигин Тышкы иштер министрлигине өткөрүп берүү демилгеси талкууга алынган.

Талкуунун жүрүшүндө Миграция боюнча мамлекеттик кызматтын коомдук кеңешинин мүчөсү Индира Өмүрбекова бул сунушка каршы экенин билдирген. Ал мамлекет КРнын Миграция боюнча мамлекеттик кызматынын ишине калыс баа берип, анын вазийпалары менен штаттык персоналын башка мекемеге бербеши керек деп билдирген.

«Тескерисинче, Миграция боюнча мамлекеттик кызматтын статусун жок дегенде комитетке чейин көтөрүү зарыл», - деп эсептейт ал.

Вероника Малышева
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх