Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Адвокат: Курсан Асанов эзели укпаган чайхананы камакка алып коюшту

 Икрамидин Айткулов ИИМнин башчысынын мурдагы орун басарынын туугандары эле эмес, жердештери да жалпы текшерүүгө кабылып жатканын айтып чыкты

Ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асановдун бардык туугандары менен тааныштарына карата жалпы текшерүү жүрүүдө. Алардын бардыгы органдарга чакырылып, мыйзамсыз баюу болгон эмеспи деп ар биринин мүлктөрүн текшеришүүдө. Бул тууралуу Курсан Асановдун жактоочусу Икрамидин Айткулов маалымдады.

- Биз текшерүүгө каршы эмеспиз, бул мыйзам ченемдүү иш, - деп белгиледи ал. - Бирок, эмнеге анда мындай тажрыйба башка аткаминерлердин туугандарына карата өткөрүлбөйт? Мындай тандалмалуулукту кантип түшүнсө болот?

Адвокат мындай тандалма текшерүүлөр КРнын ИИМнин ишараты менен өтүп жатат деп эсептейт. Мындай кылдат текшерүүгө алуу боюнча кандайдыр-бир критерий болушу керек да, деп белгилейт ал.

Мисалы, бардык аткаминерлерди же тергөөгө алынган бардык адамдарды ушинтип текшерсин. Учурда болсо бийлик өкүлдөрүнөн кимдир-бирөөгө жакпай калган Курсан Асановго карата ушундай тандалма аракеттер жүрүүдө.

Икрамидин Айткулов укук коргоочулардын бир жактуулугуна баа берүү өтүнүчү менен прокуратурага, Жогорку Кеңешке жана президенттин аппаратына кайрыла турганын билдирди.

- Асановдун жердештеринин мүлктөрүн да камакка алышууда, - деп бөлүштү адвокат. -Министрдин мурдагы орун басары эзели укпаган чайхана камакка алыныптыр. Курсан Асанов ага көмүскө ээлик кылат деп шекшип, сотко кайрылышты. Бирок, мекеме анын тууганына да эмес, туулган айылындагы жердешине тийиштүү. Тергөө, албетте, иликтейт. Бирок, эмнеге Асановго карата гана ушундай «кылдаттык» көрүлүүдө?

Эске салсак, буга чейин Vesti.kg Курсан Асановдун жубайы Жыпар Баргибаева коопсуздук курун тагынбагандыгы үчүн ЖКККББнын кызматчылары токтотуп, журналисттерди чакырганына нааразы болгонун жазып чыккан эле. Автоинспекторлордун мындай аракетин ал атайын ИИМнин башчысынын мурдагы орун басарын каралоо максатында жасашкан деп айыптаган.

ЖКККББда ТВ өкүлдөрү рейддерде дайыма катышаарын жана Асановдун жубайы үчүн аларды эч ким чакырбаганын айтышкан.

Ольга Федорчук
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх