Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Исхак Масалиев: Өкмөт өз милдеттерин аткара албай жатат

 Депутаттарды премьердин чек арадагы абал боюнча берген маалыматы канааттандырган жок

Чек ара чырлары улана берет. Бул тууралуу премьер-министрдин өкмөткө чек арадагы абал боюнча маалымат берип буткөн соң ЖКтин «Өнүгүү-Прогресс» фракциясынан депутаты Исхак Масалиев Vesti.kg сайтына билдирди.

Анын айтымында өкмөт чек арага жакын жашаган калкты жумуш менен камсыздандырууну ойлонуш керек.

- Чырлар улана берет, - деди Масалиев. - Эки өлкөнүн өкмөтү мамлекеттик чек арадагы калкты жумуш менен камсыздандырып, көйгөйгө комплекстүү чечим табышы керек. Көйгөй чынында абдан олутуу жана чоң. Иш жүргүзүү зарыл.

Ал ошондой эле министрлер кабинетибиз өзүнө жүктөлгөн милдеттерди аткара албай жатканын кошумчалады.

- Үстүбүздөгү жылы эле мамлекеттик чек араларда 3 кагылыш катталды, - деп эске салды эл өкүлү. - Жайында Тажикстандын президентин чакырганда августтагы жаңжалдын кесепеттери гана жөнгө салынган.

«Ата Мекен» парламенттик фракциянын мүчөсү Бахадыр Сулейманов өз кезегинде Жогорку Кеңеш эгерде өкмөттүн докладына канаттанса, анда депутаттар мынча суроо бербейт эле деп белгиледи ал.

- Доклад кандай болгон күндө да, көйгөй калып жатат. -Бирок, бул биздин өкмөттүн күнөөсү эмес.Чек ара көйгөйү 28 жылдан бери уланып келе жатат.

Сулейманов чек арадагы көйгөйлөрдү чечүү үчүн сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, ошондой эле акчалай каражат жумшоо керектигин кошумчалады.

Гулиза Чудубаева
фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх