Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

  Абдил Сегизбаев: Жаракат алгандан кийин мени чыгарып кетишти, андан соң мен кырдаалга интернет аркылуу көз салып турдум

 УКМКнын экс-башчысы Кой-Ташка Атамбаевге моралдык колдоо көрсөтүү үчүн барганын, Ак үйдү басып алуу тууралуу сөз козголбогонун билдирди

УКМКнын мурдагы төрагасы 7-августта Алмазбек Атамбаевдин үйүнө жасалган чабуул учурунда атайын кызматты ок чыгарбоого чакырган. Бул тууралуу Кой-Таштагы окуяларды иликтөө боюнча мамлекеттик комиссиянын жыйынында ал өзү билдирди.

Сегизбаевдин айтымында, «ок атпагыла» деп сурангандан кийин анын бутуна ок тийген.

- Кагылышуу болуп жатканын уккандан кийин мен Атамбаевдин үйүнө бардым, - деди ал комиссиянын мүчөлөрүнө. - Мурдагы президенттин үйүнө 100-150 метр калганда мен жай тургундар менен камуфляж кийген адамдардын ортосунда кагылыш болуп жатканын көрдүм. Алар спецназ экенин биз билген жокпуз. Ок чыгарышты. Мен айылдыктарга таш ыргытканды токтоткула деп кайрылдым. Ал эми спецназдардын ок чыгарбашын өтүндүм. Ушул маалда кол гранатасы жарылып, 10-15 секундадан кийин менин оң бутумдан жаракат алдым. Мени ал жерден алып кетишти. Андан кийин мен кырдаалга интернет аркылуу көз салып турдум.

УКМКнын мурдагы башчысынан спецназдын аракеттерин кандайча бааларын сурашты. Ал буга жооп берүүдөн баш тартты.

- Мен мурдагы жетекчи катары спецназдын аракеттерине баа бере албайм. Жоокерлер ал күнү кандай курал колдонушканын байкаган жокмун, -деди ал.

Мындан сырткары, ага Кой-Таш айылына эмнеге барганын жана ал жерде Ак үйдү басып алуу жөнүндө сөз болгондугу туурасында суроо узатышты. УКМКнын экс башчысы ал мурдагы президентке моралдык колдоо көрсөтүп, өзүнүн жарандык позициясын билдирүүнү каалганын айтты.

- Бул менин жарандык позициям болчу, - деп белгиледи Сегизбаев. - Мен Атамбаевге моралдык колдоо көрсөтөйүн дегем. Ал жакта өлкөнү бөлүп-жаруу же Ак үйдү басып алуу тууралуу сөз болгон эмес.


Гулиза Чудубаева
фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх