Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

ИИМнин башчысынын орун басары: Кашкар Жунушалиев эки ирет Атамбаев менен сүйлөшүүгө кирген

Кой-таштагы окуяларды иликтөө боюнча Мамлекеттик комиссиянын жыйынында ИИМнин жетекчилиги Курсан Асановду сынга алды

Ички иштер министри Кашкар Жунушалиев мурдагы президенттин үйүнө жасалган атайын операциянын учурунда эки ирет Алмазбек Атамбаев менен сүйлөшүүгө кирген. Бул тууралуу Кой-Таштагы окуяларды иликтөө боюнча Мамлекеттик комиссиянын жыйынында ИИМнин башчысынын орун басары Алмаз Орозалиев билдирди.

Ал ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асанов кайсы маалда сүйлөшүүгө киргени жөнүндө маалыматы жок экенин кошумчалады.

- Министр сүйлөшүүгө эки ирет кирген, - деп ишендирди Орозалиев. - Асановго сүйлөшүүгө кирүүгө ким уруксат бергенин айта албайм. Ал өзүнүн демилгеси менен кирген.

Мындан сырткары, Курсан Асановдун ордуна келген ИИМнин башчысынын жаңы орун басары Памир Асанов, Асановдун Атамбаев менен сүйлөшүүгө киргендеги аракеттерине өз баасын берди.

- Ал Атамбаевдин үйүнө киргенде куралын кайрадан октоп, контролдук атуу жүргүзө баштаган, -деп эске салды министрдин орун басары. - Асанов мындай кылбашы керек эле, анткени, андан кийин тергөө группасы бармактардын изин ала албай калды.


Гулиза Чудубаева
фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх