Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagram

Аида Салянова ооруканадан чыкты

  • 129 жолу кароо

Экс-генпрокурор операцияга даярданууда

Кыргызстандын мурдагы башкы прокурору Аида Салянова ооруканадан чыгарылды. Бул тууралуу Vesti.kg  сайтына анын тууганы Чынара Турдалиева маалымдады.

Анын айтымында учурда Салянова операцияга даярданууда.

- Операция кайда жана качан өтөөрү азырынча белгисиз, - деди Турдалиева. Бир жума мурда үйгө чыгарылган.

Эске салсак, буга чейин Аида Салянова Улуттук кардиология борборунун дарыгерлеринин көрсөтмөсү менен ооруканага жаткырылганы маалымдалган.

Экс-генпрокурор криминалдык авторитет Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу боюнча кылмыш ишинин алкагында камака алынган. Кийин ал тергөө менен кызматташууга макул болуп, үй камагына бошотулган.

 

Зулайка Эркимбаева

Фото www 




Ой-пикир кошуңуз


Наверх