Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Сооронбай Жээнбеков Владимир Путиндин чакыруусу менен Оренбургга учуп кетти

Орусияда Кыргызстандын Куралдуу кчүтөрүнүн Кургак жер аскерлер топторунун катышуусу менен биргелелешкен практикалык иш-аракеттер өтмөкчү

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн- 20-сентябрда Оруси Федерациясынын президенти Владимир Путиндин чакыруусу менен Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүнүн Кургак жер аскерлер топторунун катышуусу менен биргелелешкен практикалык иш-аракеттери өтө турган Оренбург шаарына бир күндүк иш сапары менен учуп кетти.
Өтө турган машыгуулардын негизги максаты - заманбап шарттарда аскердик аракеттерди жүргүзүүгө үйрөтүү, союздаш мамлекеттердин аскердик башкаруу органдарынын ыкчам шайкештигин жогорулатуу болуп саналат.
Мындан сырткары, Кыргызстан менен Орусиянын башчылары жолугушуу өткөрүп, анда эки тараптуу жана көп кырдуу кызматташтыктын орчундуу маселелерин, анын ичинде аймактагы коопсуздукту камсыздоо маселесин дагы талкууга  алышмакчы.


Кыргыз Республикасынын делегациясынын курамына тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков, Куралдуу күчтөр Башкы штабынын жетекчиси Райимберди Дуйшенбиев, президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүмүнүн жетекчиси Данияр Сыдыков, Кыргызстандын Орусиядагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Аликбек Жекшенкулов киришкен.


Президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмү
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх