Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кой-Таштагы окуялар боюнча комиссия: Мени эч ким жыйындарга чакырбай жатат

 Клара Сооронкулова комиссиянын катарында эмнеге турганын түшүнбөйт

Конституциялык палатанын мурдагы судьясы Клара Сооронкулованы Кой-Таш айылындагы окуяларды иликтеген мамлекеттик комиссиянын жыйындарына чакырбай жатышат. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына ал өзү маалымдады.
Сооронкулованын айтымында ал ушул күнгө чейин комиссиянын бир дагы жыйынына катыша элек.

- Мени бул комиссиянын курамына кошуп коюшканы менен, бир дагы жолу чакырышкан жок, - деди ал. Мен ал жерде жөн эле жазылып турам, башкача айтканда анда туруунун кажети деле жок.

Мамлекеттик комиссиянын мүчөлөрүнү бири Алишер Мамасалиев Vesti.kg сайтына берген маегинде кесиптешинин билдирүүсү боюнча пикир билдирүү ал үчүн «этикага жатпай калмак» деди.

- Мен Сооронкулованын комиссиянын курамынан чыкканы тууралуу азырынча уга элекмин, -деп жооп берди Мамасалиев. - Расмий маалымат алгандан соң пикиримди билдире алам. Азыр болсо мындай кылуу этикага жатпайт.

2019-жылдын август айынын аягында өкмөт Кой-Таш айылында 7-8-августта түзүлгөн кырдаалды иликтөө боюнча Мамлекеттик комиссия түзгөн.

Мамлекеттик комиссияга бир айлык мөөнөттө маселени иликтеп, Жогорку Кеңешке маалымат даярдоо тапшырмасы берилген.

Эльдос Казыбеков
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх