Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

«Кыргызстанда протесттик маанай бышып-жетиле баштады, бийликке болсо мунун кереги жок»

Мөөнөтсүз парламенттик шайлоолор туурасында эксперттердин пикири. Мындай сөздөр Ак үйдө да жүрүүдө

Кыргызстанда мөөнөтсүз парламенттик шайлоо өтүү мүмкүндүгү өтө жогору. Мындай пикирин Vesti.kg сайтына саясат таануучу Марс Сариев бөлүштү.

Тактай кетсек, депутат Дастан Бекешев социалдык тармактагы жеке баракчасына парламентте Жогорку Кеңешти мөөнөтүнөн мурда таратуу тууралуу сөздөр жүрүп жатканын жазган.

«Ак үй ичинде парламенттин мөөнөттөн мурда тарашы тууралуу сөздөр жүрүүдө, бирок, мен мындай долбоор бышып-жетилип калган болсо - анда ал өлкөгө эмес, айрым жактарга гана пайда алып келет деп эсептейм. Көпчүлүктү болочок тизме менен алдап койсо болот», - деп белгилеген ал.

- Биз КМШдагы Армения, Украина, ошондой эле Москвадагы нааразычылык митингдерин көрүп жатабыз, алар бара-бара бизге да жетет, - деп белгиледи Марс Осмонкулович. - Учурда коомчулукта шайлоону бир мандаттуу округдар боюнча өткөрүү кызуу талкууга алынып жатат. Бийликке болсо, мунун кереги жок. Андыктан, шайлоону кийинки күзгө чейин чойбой коюлары деле толук мүмкүн. Ага чейин саясий кырдаал өзгөрүп кетиши мүмкүн да.

Сариев парламенттин азыркы курамынын өтө «элпектиги» аны мөөнөтүнөн мурда таратылуу мүмкүндүгүн ого бетер жогорулатарын кошумчалады.

- Жогорку Кеңеште шайлоону азыр деле өткөрүп салгыдай капиталга ээ олигархтар толтура, - деди ал. Ал эми парламентти таратууга шылтоо табуу кыйын эмес, - чек арадагы абалды деле шылтап коюу жетиштүү.

Өз кезегинде башка саясат таануучу Максат Мамытканов дагы өкмөттүн мыйзам чыгаруучу органынын мөөнөттөн мурда таратылуу варианты жокко чыгаруу туура эмес деп эсептейт.

- Кыргызстанда бардыгы болушу мүмкүн, - деп тамашалады ал. Эгерде депутат бул тууралуу социалдык тармакта жазып жатса, демек бул сөздөр калп эмес. Бул болсо белгилүү саясатчылардын парламентти анча-мынча жаңылап туруп, бийликте дагы көпкө калуу ниеттери менен байланыштуу болушу мүмкүн.
Мындай шартта алар өлкөбүздө байкалып жаткан туруктуу кризиске жоопкерчиликти моюндарына алуулары керек.


Ошол эле маалда мөөнөтсүз шайлоонун белгилерин бардык эле эксперттер көргөн жок. Саясат таануучу Медет Тюлегенов Vesti.kg сайтына учурда парламентти таратууга эч кандай себептер жок экендигин билдирди.

- Саясатчылар сунуштаган идеялар дайыма эле элге пайда алып келе бербейт, - деп белгиледи ал. - Мөөнөтсүз шайлоолор менен деле ошондой сыяктуу. Мен, бирок, парламент тарап кетет деп ойлобойм. Буга эч кандай себептер деле жок. Коомдо бул тема дайыма сөзгө алынып келген менен, талкууулачу азырынча эс нерсе жок, менимче.

Вероника Малышева
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх