Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Азыркы соттук система Аскар Акаевдин маалынан да төмөн түштүбү?

 «Чырлуу Манас Арабаевди ордунда алмаштырган президенттик аппараттын сот реформасы жана мыйзамдуулук бөлүмүнүн жаңы башчысы Санжар Исабаевди «Манас-2» деп айтышууда»

Сотторду тандоо кеңеши өз атын актаган жок. Жоюп салса болот. Vesti.kg сайты кайрылган юридика маселелери боюнча эксперттердин бардыгы ушундай пикирге келишти.

«1. Жупуну тандоо. Акылдуу, абийирдүүлөр судьялыкка тырышпайт - менин сотторду тандоо кеңешине баргандагы таасирлерим ушулар болду - деп жазган Конституциялык палатанын мурдагы судьясы Клара Сооронкулова Фейсбукта. 2. Тандоочулардын чабалдыгы. Бир дагы жөндүү суроо уккан жокмун, анын үстүнө мүчөлөр да ишенич арттырдай эмес».

Маселе эмнеде?

- Судья болом деген талапкерлердин саны аз, - деди ал Vesti.kg сайтына. – Алардын жоопторунан мен тандачу киши жок экендигин түшүндүм. Баалар салыштырмалуу коюлат да, эң жогорку балл алгандар -«начарлардын ичиндеги мыктылар». Талапкерлердин кесипкөйлүгү да, адамдык сапаттары да мени канааттандырган жок. Талапкерлердин арасында жөн гана юридикалык консультант болуп иштегендер да болду, алардын бирөөсү ал эмес өзүнүн уюмунда юридикалык консультант экен.

Юристтердин пикиринде бул Кыргызстанда жакшы судьялар жок дегенди түшүндүрбөйт. Болгону адистер аймактарда жашаган кичинекей шаарларга иштегенден качышат. Сот кызматчылары кайсыл аймакта иштебесин расмий түрдө тең санааларына карабастан, борбор калаанын бул жерде артыкчылыгы айтпаса да түшүнүктүү. Анын үстүнө канчалык Бишкекке жакын болгон сайын, «коррупциондук кормушка» ошончолук «кенен» да, - деп белгиледи Сооронкулова.

Бирок, маселе судьялардын кызмат ордуна талапкерлерде эле эмес. Сотторду тандоо кеңешинин өзү да Конституциялык палатанын мурдагы судьясынын көңүлүн калтырган.

- Суроолорду бергендердин арасында болочок судьялардын кесипкөйсүздүгүн аныктай ала тургандар болгон жок, - деп билдирди ал. - Эрежеге ылайык, алар талапкерлерден алда канча өйдө турушу керек эле да. Бирок, Кеңеште юриспруденцияны оңдоп түшүнбөгөн адамдар отурат. Анан алар кантип кимдир-бирөөнү тандай алышат?

Юрист Сотторду тандоо кеңеши - коомдук орган экенин, башкача айтканда, жарым-жартылай жарандык коомдун өкүлдөрүнөн тураарын эске салды. Азыр болсо анын үчтөн экиси жарандык коомдун өкүлдөрүнөн турат, бирок, коомдун бул адамдар жана алардын иши тууралуу маалыматы барбы деги?


- Мен өзүнүн активдүүлүгү менен белгилүү болгон бирөөнү да көргөн жокмун, - дейт Сооронкулова. – Негизи, ал жакка жарандык коом көрсөткөн каалаган жаран кире алат. Бирок, аларды фракциялар тандап, Жогорку Кеңеш акыркы курамды бекитет. Бул жерде фракциянын лидери бардыгын чечент - ал болсо адатта мандат жетпей калып, бир жерге отургузуш керек болгон өз кишилерин сүйрөйт. Бул өтө начар тажрыйба, анткени, биз татыктуу сотторду тандаганды үйрөнгүчө соттук реформа жасай албайбыз.

«Коррупцияга каршы коом» КБнин төрагасы Манас Кадыров Конституциялык палатанын мурдагы судьясынын сөзүнө толугу менен кошулат.

- Бизде коррупция жок жер бар бекен?, - деп баш чайкады ал Vesti.kg сайтына берген маегинде. - Соттордун кеңеши, сотторго түшкөн арыздарды иликтеген комиссия, - булардын эч бири иштебейт. Коррупциянын айынан соттук чечимдер акыйкаттыкты коргобойт. Акыйкаттык жок болсо, демек ишенич дагы жок.

Экперттин пикиринде Сотторду тандоо кеңешин жоюп салуу эле керек.

- Иштебесе, бул Кеңештин эмне кереги бар? - дейт ал. - Аны акыйкат, калыс, чырларга аралашпаган соттор пайда болсун деп түзүшкөн. Бирок, ал эч нерсе өзгөрткөн жок. Соттордун чечимдери мурдагыдай эле акчага сатылып жатат.

Белгилүү адвокат Кайрат Загибаев судьялардын ордуна талапкерлердин арасында өз ишине олуттуу караган чыныгы профессионалдар сөзсүз бар деп терең ишенет. Бирок, ири өлчөмдөгү акча, же «өйдөгүлөрдүн» чалуусу жок мындайлар дайындалбай деле калышы мүмкүн деген сөздөргө кошулат.

- Мен Токмокко Юридикалык академиядан келген жаштар келгенин билем, аларды таанышмын, акчалары жок, - деген оюн билдирди ал Vesti.kg сайтына берген маегинде. – Демек, жылчык бар. Бирок, пара жөнүндө сөз чынында өтө көп.

Соттордун реформасы ишке ашпай калганын ал дагы мойнуна алат.

- Аскар Акаевдин маалында соттордо мыйзамдуулук менен юридикалык маданият жок дегенде бар эле, - деп эсептейт Кайрат Загибаев.- Курманбек Бакиевдин келиши менен соттук органдардын келиши менен аларды кыскычка кысып алышып, тапшырмаларды гана аткартып, жөндүү иштетпей коюшту.Түшүнөм, абдан жакшы иштеген соттор көп. Бирок, алардын бардыгы - жергиликтүү, облустук, республикалык бийликтегилерден көз каранды.
Сотторду көз карандылыктан бошотуу үчүн юрист Сингапурдун маркум лидери Ли Куан Ю. Тоттун ыкмасын колдонууну сунуштады, анын айтымында ал бардык сотторду алып салып, ордуларына учурдагы адвокаттарды коюп койгон. Алар аткаминерлерге жооптуу эмес болгондуктан, аларга «жакпай» калуудан коркушпайт эле. Буга окшош вариант советтик маалда кабыл алынгандыгын адвокат эске салды. Сотторду эл тандап, жумуштан жөнү жок кетирүү мүмкүн эмес болчу, соттор анда өз орундарын жоготкондон коркушчу эмес.


- Азыр бизде болсо эмне - чоңдун тапшырмасын аткарбай койдуң дегиче - паракор атантышып, дароо текшерүү башташат, анан жумуштан кетирип тынышант. УКМКны кошушат, тыңшап баштайт… Андыктан, соттордун көз карандысыздыгы азырынча биз үчүн кыял. Убакыттын өтүшү да эч нерсени өзгөртпөй эле. Манас Арабаевди ордунда алмаштырган президенттик аппараттын сот реформасы жана мыйзамдуулук бөлүмүнүн жаңы башчысы Санжар Исабаевди кантип аташат, билесизби? «Манас 2», - деп ал сөзүн жыйынтыктады.

Ольга Федорчук
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх