Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

УКМК: Атамбаевдин күзөт башчысы куралын тапшыруудан баштарткандыгы жана ЖМК менен байланышканы үчүн кызматынан алынды

Улуттук коопсуздук комитетинин маалыматына ылайык, ал мурдагы президенттин туулган күнүнө арналган видео куттуктоого катышканы үчүн иштен алынган жок

УКМКнын жеке коопсуздук кызматы УКМКнын 9-кызматынын кызматкерине карата эки кызматтык иликтөө жүргүзгөн.

Сагымбаев июль айында кызматтык куралды кайтарып берүү буйругуна баш ийбей, кайтарган объектиси жок маалда дагы атайын техниканы гаражга өткөргөндөн баш тарткан. Мунун жыйынтыгында ага ага кызматтык абалына толук дал келбей тургандыгы жарыяланган.

2019-жылдын сентябрь айында кызматтык тергөөнүн жүрүшүндө УКМКнын ички эрежелерин бузуп, ЖМК өкүлдөрү менен мыйзамсыз байланышканы аныкталган.

Жогоруда айтылган кызматтык тергөөнүн жыйынтыгында Сагымбаев улуттук коопсуздук органдарынан «Кызмат абалына дал келбейт» беренеси боюнча четтетилген.

УКМК басма сөз кызматы
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх