Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Чүй ОИИББнын башчысы Самат Курманкулов азырынча сүйлөй элек

Өкмөт башчысы анын дарылануусуна 1, 5 млн сомго жакын акча каражатын бөлдү

Чүй ОИИББнын башчысы Самат Курманкулов азырынча сүйлөп баштай элек, бирок, оң динамика байкалууда. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына КРнын саламаттыкты сактоо министринин орун басары Мадемин Каратаев маалымдады.

Анын айтымында Атамбаевди кармоо боюнча атайын операциянын жүрүшүндө башынан катуу жаракат алган Курманкулов Москвадагы реабилитациялык борборлордун биринде дарылануусун улантып жатат.

- Биз буга чейин ал өз алдынча дем алып баштаганын кабарлаган элек, азырынча сүйлөй элек, бирок, жылыш бар, - деди ал.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев ушул күндөрү жеке резервдик фондунан Курманкуловдун дарылануусуна 1 миллион 462 миң 691 сом бөлнү белгилүү болду. Бул маалыматты өкмөттүк аппараттын басма сөз кызматы ырастады.


Зулайка Эркимбаева
Фото www

 

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх