Ирина Карамушкина: Мен мамлекеттик комиссияга спектакль уюштуруп отурбайм
«Кой-Таштагы окуяларды иликтеген комиссиянын мүчөсүнүн жарымынан көбү 7-8-августта орун алган кырдаалга өздөрү күнөөлүү»
Жогорку Кеңештин депутаты Ирина Карамушкина Vesti.kg сайтына Кой-Таш айылындагы окуяларда иликтөө боюнча түзүлгөн комиссиянын жыйынына эмнеге келбегенин түшүндүрдү.
Анын айтымында аны ансыз деле кудайдын куттуу күнүндө суракка чакырышып, ал тургай «күбөдөн кылмыш ишинин фигурантына» айлантып жиберишти.
- Ар бир жума сайын суракка барып жатам, төрт тергөөчүнүн улам бири мени чакырышууда, - деди Карамушкина. - Тергөө группасы иштеп жатат жана бул жетиштүү деп ойлойм. Башкы прокуратура мени бат эле күбөдөн шектүүгө айлантып жиберди. Комиссияга эч кандай ишеничим жок. Анын мүчөлөрү чырдын алдын алыш үчүн эч нерсе кылышкан жок. Комиссиянын мүчөлөрүнүн жарымы өздөрү Кой-Ташта 7-8-августта өткөн окуялардын демилгечилери. Мен аларга спектакль коюп отурбайм.
Карамушкинадан сырткары жыйынга анын кесиптеши Асел Кодуранова дагы келген эмес.
Эльдос Казыбеков
Фото www