Башкы прокуратура: Курсан Асановдун уулу Өзбекстанга качып кетти
Башкы көзөмөл органы Курсан Асановдун уулу Москва окууга кетпегенин маалымдады. Ал азыр изин жашырууда
Ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асановдун уулу Өзбекстанда качып жүрөт. Бул тууралуу ашкы прокурордун орун басары Нуркамал Набиев Кой-Таштагы окуяларды иликтеген комиссиянын жыйынында билдирди. Комиссиянын мүчөсү, экс-депутат Исмаил Исаков Асановдун уулу кайда экендиги жөнүндө суроо узаткан.
- Буга чейин ал Москванын университеттеринин биринде студент катары катталганы айтылган. Ал качып жүрөбү же окуудабы? -деген ал.
Набиев Асановдун уулу Москвага окууга кетпегинин айткан.
- Ал чындыгында эле качып жүрөт. «Достук» чек ара бекети аркылуу өлкөдөн Өзбекстанга качып кетти деген маалымат бар, - деди Набиев.
Гулиза Чудубаева
фото www