Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Курсан Асановдун жактоочусу: Укук коргоо органдары анын уулун өлкөдөн кеткенге мажбур кылды

 Икрамидин Айткулов Асановдун уулу Өзбекстанга жеке иштери менен кетиши мүмкүн экенин белгиледи

Ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асановдун уулу Мухаммед-Али чынында эле учурда чет өлкөдө. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына ИИМнин башчысынын экс-орун басарынын жактоочусу Икрамидин Айткулов маалымдады.

- Мухаммед-Али Москвага окууга кеткени даярданып жаткан, андан кийин мен андан Кыргызстандын чек арасын кайсы жерден кесип өткөндүгүн сураган эмесмин, - деп белгиледи адвокат. - Асановдордун Ошто туугандары бар, Курсан Асановдун уулу ал жакка туугандарынан же досторунан кабар алууга барып, андан кийин Өзбекстанга кеткен болушу толук мүмкүн. Анын өзүнүн жеке иштери бардыр ал жакта.

Муну менен бирге, Айткулов Атамбаевдин үйүнө жасалган чабуулдун алгачкы күндөрү Мухаммед-Али Асанов Бишкекте болгонун кошумчалады.

- Бирок, андан кийин аны шекке алышып, ал тургай издөөгө да салып жиберишти, - деп эске салдык ал. - Ал издөөдө экенин бардыгына жар салуунун эмне кереги бар эле, түшүнүксүз. Укук коргоочулар күтө турса болмок да. Бирок, күч түзүмдөрү Курсан Асановду үй бүлөсү менен каралоо үчүн атайын болгон маалыматтын бардыгын жайып жатышат. Тергөчүлөр Асановдордун туугандарын, жакындарынын бардыгын текшерип, кыйкым таба албай жатышат. Эч кандай далил жок да.

Юрист ошондой эле Асановдун уулун Кыргызстандын аймагынан чыгып кетишин мажбур кылып, эми ал башка мамлекеттен башпаанек сурашы үчүн аракеттениши мүмкүн деп божомолдоду.

- Курсан Асанов экинчи эч качан мамлекеттик кызматка кайтып келбесин деп болгон аракеттерди көрүшүүдө, - деп жыйынтыктады ал.

Эске салсак, буга чейин Vesti.kg Мухаммед-Али Асанов издөөгө алынганын жазган эле. Тергөөнүн версиясы боюнча, мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин үйүнүнө жасалган чабуулдан кийин анын атасы ИИМнин башчысынын экс-орун басары Курсан Асанов ага ичинде буюм далилдери бар баштыкты берген.

Кийин Кой-Таштагы 7-8-августта орун алган окуяларды иликтеген Мамлекеттик комиссиянын жыйынында Башкы прокуратуранын өкүлдөрү Асановдун уулу Кыргызстандан Өзбекстанга чыгып кеткенин маалымдашкан.

Вероника Малышева
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх