Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Атамбаевге каршы дагы бир кылмыш иши козголгонун анын жактоочусу билбейт

 Маселе мурдагы президент премьер-министр болуп турган маалдагы окуялар туурасында экени журналисттерге маалым болду

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге каршы дагы бир кылмыш иши козголгонун анык жактоочусу Сергей Слесарев уккан жок. Бул тууралуу ал Vesti.kg сайтына өзү билдирди.

- Мен Алмазбек Атамбаевдин жактоочусумун, бирок, менде бул тууралуу маалымат жок, - деди ал. - Мен деле бул жаңы иш боюнча прессадан окудум.

Белгилей кетсек, кечээ 24.kg өздүк маалыматтарга таянып, Аскердик прокуратура мурдагы президентке каршы кылмыш ишин козгогонун маалымдаган.

Буга негиз болуп, Атамбаев премьер-министр кезинде Максим Каганскийге (криминалдык дүйнөдө Решала деген каймана атка ээ), кийин 2010-жылы анын аялы Анастасияга үч тапанча (ТТ, CZ-75 жана Ярыгина («Викинг»)) белекке бергени болгон.

Сыйлык куралына күбөлүккө ошол маалдагы ички иштер министри Молдомуса Конгантиев кол койгон.

Булактар, ошондой эле бул кылмыш ишинин алкагында өкмөттүк аппараттын сектор башчысы Егор Скобеев дагы кармалганын билдиришкен. Ал коррупцияга айыпталууда.

2008-2009-жылдары Скобеев өкмөттүк аппараттын коопсуздук, укук тартиби жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүмнүн жетекчисинин орун басары кызматын аркалаган.


Ольга Федорчук
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх