Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

«Ар бирин өзүнчө далилдеп чыксын». Депутаттар Ширин Айтматовага жооп беришти

«Умут-2020» кыймылынын парламенттин курамын толугу менен жаңыртуу идеясы ишке ашпаган жомокпу?

Мурдагы депутат Ширин Айматованын Жогорку Кеңештин курамын дээрлик толук алмаштышруу идеясын ишке ашыруу үчүн Кыргыстан парламенттик шайлоонун мажоритардык системасына өтүшү керек. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына депутат Кенжебек Бокоев («Республика – Ата-Журт») билдирди.

«Калыстарды» тандап, «калыс эместерди» иргеп салуу үчүн жарандар азыркыдай партиялык тизмеге эмес, ар бир талапкерди өзүнчө шайлашы керек.

- Ошондуктан, азыр партиялардын кандайдыр-бир мүчөлөрүн эмес, партиялардын өзүн иргеп салуу мүмкүн, - деди эл өкүлү. Балким, Айтматова мажоритардык системага өтүп, шайлоо системасын реформалоону айтып жаткандыр. Бирок, аны 2020-жылга чейин кылуу керек эле, азыр болсо президентибиз дагы шайлоо мурдагыдай эле өтөөрүн айтып чыкты.

Бокоев депутаттардын бардыгын коррупцияга айыптоо - Ширин Айтматованын жеке пикири экендигин белгиледи. Бирок, ал парламенттин дарегине чынында эле көп негиздүү сындар айтылып жатканын мойнуна алды. Ал тургай, эл өкүлү сын керек экенин, ошондо партиялар тизмелерин даярдоодо шайлоочулардын пикирлерин эске алмактыгын айтты.

-Мен конституциялык реформаны колдойм, - деди депутат. - Же президенттик же парламенттик республиканы тандоо керек. Парламенттин курамын 50гө 50 кылып, жарымын тизме аркылуу, жарымын жеке мандаттар менен түзсө болот. Эртеби кечпи биз буга келебиз.

«Кыргызстан» фракциясынан депутат Нурбек Алимбеков жаңы парламентке ким барып, ким барбасын Ширин Айтматова чечпейт экенин айтты.

- Эгерде, ал эл өкүлдөрүн коррупцияга айыптаса, анда ар бирин өзүнчө далилдеп чыксын, - деди ал Vesti.kg сайтына. – Мен жеке өзүм үчүн жооп берем, - мен коррупцияга аралашкан эмесмин. Эгерде фактылары болсо, анда айтып чыксын.

Анвар Артыков (КСДП) дагы бардыгын бирдей күнөөлөө туура эмес деген пикирде, бирок, ал Жогорку Кеңештин азыркы курамы шайлоочулардын арасында начар кадыр-барк топтогонуна кошулат.

- Бул көйгөйдү көтөрүүнүн өзү пайдалуу, анткени, элдер кимге добушун берип жатканын билиши керек, - деди ал Vesti.kg сайтына берген маегинде. – Бирок, шайлоолордо башка ресурстар дагы иштейт. Элдер баары бир сөздөргө эле ишенбейт. Материалдык жагы да бар. Мындан сырткары, Айтматованын идеясы,эгерде жарандар бир мандаттык округдар боюнча шайлашса натыйжалуу болмок. Азыр болсо тандоо мүмкүн эмес, анткени, партиялардын тизмеси бар. Андыктан, Айтматова жыйынтыкка таасир эте алышы күмөн жаратат.

Парламент өкүлү ЖК азыркы түрдө болсо да керектигин белгиледи - анткени, депутаттар көптөгөн көйгөйлөрдү чечүүдө чоң роль ойношот.

Ал эми депутат Мухтарбек Айнакулов (КСДП) мурдагы кесиптеши менен макул экендигин билдирди.

- Парламенттин курамын эчак эле алмаштыруу керек болчу, мен колдойм, - деп жооп берди ал Vesti.kg сайтынынын суроосуна.

Эске салсак, мурдагы депутат Ширин Айтматова ал түзгөн «Үмүт-2020» элдик кыймылы депутаттардын арасындагы уурулар менен коррупционерлердин бетин ачканды көздөөрүн билдирген.


«Кийинки парламентке эл менен өлкөнүн камын ойлогон профессиналдардын келишине болгон күчүбүздү жумшайбыз», - деген ал YouTube порталындагы билдирүүсүндө.

Ольга Федорчук
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх