Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

«Системдүүлүк болбосо кийинки жылды кандай деп атабайлык, баары бир майнап чыкпайт»

Эксперттер БШКтин төрагасынын кийинки жылды борбор калаадагы билим тармагына колдоо көрсөтүүгө арноо сунушу боюнча өз пикирлерин билдиришти

Биз жылдарды кандай деп атабайлык, системдүүлүк жок андан баары бир эч кандай майнап чыкпайт. Мындай пикирин Vesti.kg сайтына билим берүү министринин мурдагы орун басары, ЖКтин экс-депутаты Элмира Иманалиева, БШКтин төрагасынын кийинки жылды Билим берүү жылы деп атоо идеясы боюнча өз оюн айтып жатып билдирди.

- Каалаган жылды кандай деп кааласак атай берсек, болот, бирок, эгерде аткарган ишибизде системдүүлүк болбосо, учурдагы көйгөйлөрдү чечүүгө системдүү карабасак, мунун бардыгы жөн эле маанисиз бир шаан-шөкөткө айланып кетет, - деди ал. -Бул эч кандай бир оң тыянактарга деле алып келбейт. Билим берүү системасында эгемендикке жеткенибизден бери чогулуп келе жаткан көйгөйлөрдү алгач чечүү керек. Биз системабыз менен эмне кылсаңар ошо кылгыла деп койдук: эч кандай жакшы бир натыйжага алып келбеген түркүн түстүү эксперименттерди кылууга жол бердик.

Билим берүү тармагы боюнча эксперт, КРСУнун профессору Александр Кацев, өз кезегинде бул жакшы идея экенин белгиледи. Бирок, анын ою боюнча биздин мамлекетте билим берүүнүн сапатын жогорулатуу үчүн бир катар жагдайларга көңүл буруу керек.

- Бул, албетте жакшы нерсе, бирок, бир катар жагдайга көңүл буруу керек, - деп белгиледи профессор. - Биринчиден, эгерде бир аткаминер Бишкекте иштесе, анда анын балдары дагы ушул эле шаарда окушу керек. Чоңдордун балдарынын чет өлкөдө билим алуусуна тыюу салуу керек. - Балдарынын жакшы билим алуусуну каалаган аткаминер, билим берүүнүн сапатына дагы көңүл бөлөт. Жогорку билим тууралуу болсо, жеке вузбу же мамлекеттик жогорку окуу жайыбы, бардыгына мамлекеттик заказ кылуу керек. Бала билим алууга бара турган бир аймак аралык жогорку окуу жайы керек. Андан кийин ал тажрыйба алууга келет дагы, кийин кайсы мектепти аяктаса, ошол жакка иштегени барат.

Эксперт стипендияларды жоюп, анын ордуна банктык ссудаларды киргизүүнү сунуштады.

- Эгерде, адис мектепте бир жыл иштесе, андан пайыздар алынып салынат, - деген оюн билдирди Кацев. - Андан кийин ал өзүнүн эле айылында иштейт. Башкача айтканда, ар бир адам, ага чейинкилер кылбаган нерсени аткарганга аракет кылат. 

Мындан сырткары, Александр Кравцевдин пикиринде билим берүү мекемелеринде бир катар башка реформаларды дагы өткөрүү зарыл.

- Өлкөдөгү акыркы педагогикалык вуз жоюлду, - деп сөзүн улантты ал. - Демек, эми мектепте сабак бергенге киши калбай калат. Арабаев университети өзүн педагогикалык катары алып жүрөт. Окуу жайдын имаратында кыргыз жана англис тилинде эки тактача илинип турат. Ал жерде эмне джентельмендерди даярдайбы? Бизде такыр эле бөлөк нерсеге башын оорутушат. Балдардын ыңгайсыз формасын ойлоп табышты. Алар сабакта жинсы шымчан өздөрүн жакшыраак сезмек.

Муну менен бирге профессор окуучуларга сабакта электрондук түзүлүштөрдү колдонууга уруксат берүүнү сунуштады. Анын пикиринде көптөгөн окуу китептери эскирген, балдар гаджеттерине бардык маалымат адабиятты жана окуу китептерин жаздырып алышмак. Билим берүү министрлиги болсо баардык маалыматтарды флешкаларга жаздырып аларды облоного, алар болсо районолорго бөлүштүрүп бере алмак.

Сөзүнүн жыйынтыгында Александр Кацев студенттерди маданиятка жакындатуу керектигин айтты. Анын байкоосунда көптөгөн окуучулар ата мекендик авторлорду билишпейт.

Тактай кетсек, кечээ БШКтин төрагасы Жаныбек Абиров социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиянын жыйынында 2020-жылды Бишкектеги билим берүү мекемелерин жана билим берүүнү колдоо жылы деп жарыялоону сунуштаган.

Медина Купсулдаева
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх