Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Экс-акыйкатчы Турсунбек Акунду эки айдан бери Азиз Батукаевдин иши боюнча суракка чакырууну токтотушкан

Мурдагы акыйкатчы сотто көрсөтмө берүүгө даяр экенин билдирди

Укук коргоо органдары мурдагы акыйкатчы Турсунбек Акунду «мыйзамдагы ууру» Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу боюнча иштин алкагында суракка чакырууну токтотушту. Бул тууралуу экс-акыйкатчы Vesti.kg сайтына өзү маалымдады.

- Акыркы эки айдан бери мени суракка чакырбай калышты, - деп белгиледи ал. Азыр иш сотко өтүүдө. Эгерде отурумга чакырса, мен барып көрсөтмө берүүгө даярмын.

Эске салсак, буга чейин Турсунбек Акун Vesti.kg сайтына берген маегинде мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин ишаратысыз кримтөбөл Азиз Батукаевге жалган диагноз коюлмак эмес деген эле.

Азиз Батукаев 2013-жылы дарыгерлердин диагнозунун негизинде Нарын шаардык сотунун чечими менен бошотулган.

2019-жылы апрелде башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов парламентте Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу боюнча иштин тергөөсү кайрадан жандандырылганын билдирген. Мындан кийин криминалдык төбөл айыккыс ооруга чалдыккан деген жалган маалымкатты берди деп шектелип онколог Эмил Мукамбетов кармалган.

Андан кийин дагы үч дарыгер кармалган.

Мындан сырткары, иштин алкагында мурдагы саламаттыкты сактоо министри Динара Сагинбаева жана ЖАМКнын мурдагы төрагасы Калыбек Качкыналиев, экс-вице-премьер Шамиль Атаханов, экс-башкы прокурор Аида Салянова, мурдагы президент Алмазбек Атамбаев камакка алынышкан. Тергөө менен кызматташууга болгон фигуранттар үй камагына чыгарылган.


Зулайка Эркимбаева
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх