Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Жаңы билим берүү министри Каныбек Исаков парламентте ант берди

 Сооронбай Жээнбековдун ага ишеничи чоң

Жаңы билим берүү жана илим министри Каныбек Исаков Жогорку Кеңештин жыйынында ант берди.

«Өз элимдин, Жогорку Кеңештин жана президенттин алдында өз милдеттеримди ан ниет менен берилип аткарууга ант беремин. Берген антымды бузган учурда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартууга даярмын», - деди аткаминер.

Президент Сооронбай Жээнбеков жаңы билим берүү министрине чоң ишенич артаарын билдирди.

«Биз жаңы эле билим берүү министринин антын кабыл алдык. Акыркы убакытта билим берүү тармагына көп сын айтылды. Өзгөчө окуу китептерин басып чыгаруу боюнча, бул тармакка бөлүнгөн акча жылдан жылга көбөйүүдө. Октябрь айынан тарта мугалимдердин эмгек маянасы 30 пайызга көтөрүлөт. Бирок, каржылоо көбөйүп жатканына карабай, абал жакшырып жаткан жок. Силер билгендей, Каныбек Исаковдун бул жаатта мол тажрыйбасы бар, ага артылган ишенич чоң. Билим - элдик жана мамлекеттин келечеги. Жалгыз министр абалды оңдой албайт. Бул үчүн бардыгыбыз биригип, билим берүү жаатына өзгөчө көңүл бурушубуз керек. Жаңы министр ак ниет менен өз милдеттерин аткарат деп ишенем, ийгилик!», - деди өлкө башчы.

Медина Купсулдаева
Фото www

 

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх