Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Максат Сабиров: 5, 6 -класстын окуучулары орусча «что» деген сөздү туура жаза алышпайт

 Эл өкүлү биз «бүткүл дүйнөгө шылдың болуп атабыз» деди

Кыргызстан бүтүн дүйнөгө шылдың болуп атат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Максат Сабиров билдирди.

- Мугалим окуучунун ишин туура эмес текшерип атат, - деди эл өкүлү. - 28 жылдан бери мугалимдердин квалификациясын эми көтөрүүгө эми кирише башташтыбы?

Эл өкүлү билим берүү министринин орун басары Надира Жусупбековага «Министрлик даражада билим деңгээлин текшерген комиссия барбы? деген суроосун узатты.

Буга аткаминер: «Мектептер 5 жыл сайын өткөн аккредитация бар» деп жооп берди.

- Бул туура эмес, - деп белгиледи Сабиров. - Билим сапаты менен деңгээли жыл сайын текшерилиши керек. 5, 6 -класстын окуучулары, мисалы «что» деген сөздү туура жаза алышпайт.

Медина Купсулдаева
Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх