Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бакетаев: ЖК менен өкмөттүн аппаратынын кызматкерлери Кумтордон пайда таап келишет деген маалымат бар

Мамлекеттик салык кызматынан өз маалында чет элдик компаниянын акцияларын сатып алгандары айтылган ири аткаминерлерди текшерүүнү суранышты

Кыргызстан көп жылдан бери Кумтор боюнча пайдалуу макулдашууга келе албай атканынын себеби - президенттин, өкмөттүн жана Жогорку Кеңештин аппаратынын кызматкерлери өздөрү чет элдик алтын кен компаниясынын акцияларына ээлик кылат. Мындай маалыматты Vesti.kg сайтына саясат таанучу жана коомдук ишмер Бакыт Бакетаев бөлүштү.

- Менде өкмөттүн, президенттин жана парламенттин аппаратынын кызматкерлеринин арасында өз убагында «Камеко» компаниясынын акцияларын сатып алгандар бардыгы туурасында маалыматым бар, - деди ал. - Мен, Жогорку Кеңештин аппаратынын мурдагы кызматкери катары, аталган факт Кумтор маселеси боюнча чечимдерге таасир этиши мүмкүндүгүн жакшы билем. Премьер-министр өзү документтерди даярдабайт да, анткени - муну кызмат жагынан ылдый адистер аткарат.

Бакыт Кушбекович колдорунда алтын кен компаниясынын акциялары бар аткаминерлер өз пайдасын жоготуп жибербегидей кылып, макулдашууларды даярдашат деп кошумчалады.

- Алар элдин эсебинен акча таап жатышат, - деп кейиди ал. - Алардын көбү ошол маалда беттерин кызартпай эле өз аттарына акцияларды сатып алышкан. Мамлекеттик салык кызматы бул фактыны текшериши керек. Жакшылап иликтесе, көптөгөн кызыктуу нерселер чыгат деген ойдомун.


Фото www

 

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх