Стоп-сызыктан ашып кетүү жана башка майда бузуулар үчүн эми айдоочулар 3 миң эмес, миң сом төлөшөт
Өкмөт бир катар жол кыймылынын эрежелери боюнча айыппулдардын өлчөмүн азайтуу демилгесин колдойт
Өкмөт бир катар жол кыймылынын эрежелери боюнча айыппулдардын өлчөмүн азайтуу демилгесин колдойт.
Белгилей кетсек, буга чейин ИИМ КРнын «Кээ бир мыйзам чыгаруу актыларына өзгөртүү киргизүү туурасында» (Кыргыз Республикасынын бузуулар тууралуу кодексине, Жоруктар тууралуу Кыргыз Республикасынын кодексине)» мыйзам долбоорун коомдук талкууга сунуштаган.
Вице-премьер-министр Жеңиш Разаков жарандардан майда жол эрежелерин бузуу боюнча айыппулдардын көлөмүн төмөндөтүү боюнча көптөгөн сунуштар түшкөндүгүн билдирген.
Разаков «Коопсуз шаар» доолборунун алкагында коюлган аппараттык-программдык комплекстер айдоочуларды тартипке салып, жол кыймылын иретке келтирди. Бирок, чындыгында айрым майда бузуулар боюнча айыппулдардын өлчөмү жашоочулардын жашоо деңгээлине салыштырмалуу жогору. Биз коомчулуктун жүйөлөрүн туура деп таптык. Муну менен бирге, орчундуу жол эрежелерин бузуу үчүн, мисалы мас абалында унаа айдоо сыяктуу бузуулар боюнча айыппулдар ошол эле бойдон калаарын белгилеген.
Коомдук талкууга коюлган мыйзам долбооруна ылайык, төмөнкү 8 эреже бузуу боюнча айыппулдун көлөмүн азайтуу сунушталууда:
- Жол белгилеринин талаптарын аткарбагандыгы;
-Жолдун жүрүүгө уруксат берилген бөлүгүндөгү белгилердин талаптарын аткарбагандыгы (кууп келип ашып кетүү же каршы тилкеге чыгып манёвр жасоо сыяктуу эрежелерди бузуу фактыларын кошпогондо);
-Унааны туура эмес жерге токтотуу боюнча эрежени бузуу;
-Коопсуздук дистанциясын жана аралыкты сактабай, автомагистралдар боюнча жол эрежелерин бузуу;
-Жол чырактан уруксат берилбеген учурда стоп-сызыгынын алдына токтоо;
-Көрсөтүлгөн жол белгилерин же өтүүгө уруксат берилген жолдун бөлүгүнөн жол кыймылынын эрежелерин сактабай өтүү;
-Ашып өтүү боюнча эрежени бузуу;
-Сырткы жарык берүүчү приборлорду же эскертүүчү сигналдарды колдонууда эреже бузуу.
Жогоруда көрсөтүлгөн эреже бузуулар боюнча айыппулдардын көлөмү 3 миң сомдон 1000 сомго чейин азайтуу божомолдонууда.
Өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү
фото www