Ош базарынын 500дөй соодагери Ак үй тарапка бет алышты
Ишкерлер жаңы соода борборунун курулушуна каршы чыгууда
Ош базарынын 500гө жакын соодагери тынчтык маршы менен Ак үйдүн имаратына бет алышты. Ишкерлер «Берекет-Универсал» ЖАКнун ордуна салынып жаткан жаңы соода борборуна каршы чыгышууда.
Нааразычылык акциясын милиция кызматкерлери коштоодо. Митингчилерге тартипти сактоо суранычы айтылып, алар уюшулган бир колонна болуп жүрүшүүдө.
Ишкерлер өздөрүнүн соода түйүндөрүнө электр жарыгын берүү талабы менен кайрылышмакчы.
Эске салсак, Ош базарынын соодагерлери биринчи ирет нааразычылык акциясына чыгып жатышкан жок. Буга чейин Vesti.kg керектөөчүлөрдүн укугун коргоо боюнча коомдук фонддун төрагасы Махмуд Губайдулиндин «Берекет-Универсал» ЖАКнун администрациясы соода орундарын кайра сатып жиберүү максатында рейдерлик менен басып алып жаткан сөздөрүн жазган.
Соода түйүндөрүндө электр жарыгы жана суу өчүрүлгөн.
Фото www