Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Депутат Камчыбек Жолдошбаев: Бизге «жыргализм» заманы келди

Эл өкүлү билим берүү министринин орун басарынын чындыкка дал келбеген кооз сөздөрүн сындады

Кыргызстанга «жыргализм» заманы келиптир. Бул тууралуу парламенттин жыйынында депутат Камчыбек Жолдошбаев билдирди.

- «Жыргализм» заманы келген имиш, - деди эл өкүлү. -Акимдер директорлордун моюнунда отурат. Кээ бирлери бир да жолу мектептерге басып барган эмес.

Парламент мүчөсү билим берүү министринин орун басары Надира Жусупбекова жыйында айткандардын бири да азыр мектептерде жок экендигин белгиледи.

- Сиз мектердин 60 пайыздан ашыгынын көмөкчү чарбачылыгы бар деп атасыз, - деп улантты Жолдошбаев. - Алыскы мектептерде алар жок. Ошого сиздин сөздөрүңүзгө таң калып жатам. 1371 мектептин бардыгында ушундай көмөкчү чарбачылык бар деген турасызбы?

Министрдин орун басары сөз мектептин алдындагы чакан жер тилкелери жөнүндө болуп жатканын айтты.

- Бул дыйкан чарбалары эмес, - деп тактады ал. - Мектептин аймагында жайгашкан бир нече сотка жер. Ал жерде кичинекей бактар отургузулган. Биз жакшыларын мектептин керегине жумшаганга аракет кылабыз.

Надира Жусупбекованын жообуна депутат канааттанган жок.

- Сиз абдан кооз сүйлөйт экенсиз. - Сизге ишенсек, биз жыргап кетиптирбиз. Мен жыйырма мектепке баргам, сиздердин адистер эмес, райондук деңгээлдеги адистер дагы аларга барбасын уктум. Начар иш жүрүп жатканын моюнга алыш керек. «Кытай чебин» тургузуп албай, реалдуу жумуш кылууну суранам.

Медина Купсулдаева
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх