Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Сариев: Дастан Жумабеков кыргыз тилинде деле сүйлөп чыкса болмок

Эксперт ЖКнын спикеринин сөзү менен улуттук деңгээлде шылдың болгонубузга кошулду

Жогорку Кеңештин спикери Дастан Жумабековдун Евразия өлкөлөрүнүн парламент спикерлеринин 4-отурумунда орусча араң сүйлөгөн сөзү кыргызстандыктарды кыжырдантты.
Белгилей кетсек, иш-чарада спикер колундагы даяр текстти кагаздан окуп берген.

Учурда социалдык тармактарда кызуу талкууга алынып жаткан спикердин сөзү боюнча пикирин КР президентинин алдындагы Мамлекеттик башкаруу академиясынын ректору Алмазбек Акматалиев дагы билдирди.

«Эмнеге эл аралык конференция, симпозиумдарда биз орус тилинде сүйлөйбүз деген суроо туулду менде. Кыргыз тилинде сүйлөсөк эмне болот? Бизди бирөө чет тилде сүйлө деп мажбурлап жатабы? Балким, биз мамлекеттик тил жөнүндө мыйзамга өзгөртүү киргизип, аткаминерлерди мамлекеттик тилде гана сүйлөөгө милдеттендирүүгү тийишпиз?», - деп жазган ал.

Өз кезегинде саясат таануучу, мурдагы дипломат Марс Сариев Vesti.kg сайтына берген маегинде уят болгон ЖКнын спикери кыргыз тилинде деле сүйлөй алмак, бирок, анда көп чыгым кетип калмак дейт.

- Кыргызстандык аткаминерлер эл аралык ареналарда мамлекеттик тилде деле сүйлөй алышат, бирок, котормочулар менен көйгөй бар, - деп түшүндүрдү эксперт. - Башкача айтканда, ал өлкөгө адисти алып баруу керек. КМШнын алкагындагы мындай иш-чараларда бардыгы ошондуктан оруст тилинде сүйлөгөнгө аракет кылышат. Бириккен улуттар уюмунун конференцияларынын жана башка ири отурумдарда бардыгы улуттук тилде сүйлөшөт.

Муну менен бирге Марс Осмонкулович парламенттин спикеринин сөзү мамлекеттин аброюна терс из түшүрдү деген пикирлерге кошуларын билдирди.

- Улуттук деңгээлде шылдың болдук, - деди ал. - Эки сөздүн башын бириктирип сүйлөй албаганы - албетте уят.

Зулайка Эркимбаева
Фото www

 

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх